Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:32

АКШ аскерлери Сириядагы базалардан чыгарыла баштады

АКШнын  Сириядагы аскерлери. Манбиж, 1-ноябрь, 2018-жыл.
АКШнын Сириядагы аскерлери. Манбиж, 1-ноябрь, 2018-жыл.

23-февралда АКШ Сириянын түндүк-чыгышындагы эң ири базасынан аскерлерин чыгарып кете баштады. Бул тууралуу Сириянын коопсуздук тармагындагы үч булакка таянып, Reuters агенттиги жазды.

Күбөлөрдүн айтымында, Хасаке провинциясындагы Касрак базасынан ондогон жүк ташуучу унаа эртең менен чыгып кеткен. Кийин агенттик Камищли шаарынын четиндеги трасса менен бараткан колоннанын видеосун жарыялады. АКШнын Борбордук командачылыгы комментарий берүү өтүнүчүнө дароо жооп кайтара жок.

Касрактан толук чыгып кетсе да, Америка жетектеген коалициянын аскерлери Ирак чек арасына жакын жайгашкан Рмейлан, башкача айтканда Хараб аль-Жир базасында кала берет.

Касрак буга чейин «Ислам мамлекети» радикал тобуна каршы күрөшүп келген Кошмо Штаттар жетектеген эл аралык коалициянын негизги борбору болуп саналган.

АКШ аскерлери он жылдан ашуун убакыт мурда бул аймакка кирип, күрддөр жетектеген Сириянын демократиялык күчтөрү менен бирге жихадчыларга каршы операция жүргүзүп келишкен.

Сириянын Коргоо министрлиги да, Сириянын демократиялык күчтөрү да бул боюнча комментарий берген жок.

Американын жогорку даражалуу өкүлү Reuters агенттигине билдиргендей, аскерлердин бир бөлүгү «шартка жараша жана алдын ала пландалган өткөөл процесстин» алкагында чыгарылып жатат.

Анын айтымында, Сирия өкмөтү өз аймагындагы террордук коркунучтарга каршы негизги жоопкерчиликти алууга даяр экенин билдирген.

The Wall Street Journal басылмасы өткөн жумада АКШ Сириядагы болжол менен 1000 аскерин толук чыгарып кетиши мүмкүн экенин жазган.

Сирия былтыр «Ислам мамлекети» тобуна каршы күрөшүү үчүн АКШ жетектеген коалицияга кошулган. Бир кезде Сирия менен Ирактын аймагынын үчтөн бирин көзөмөлдөгөн бул топ ишемби күнү болгон эки чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө алып, анда бир аскер жана бир жай тургун каза болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG