Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:31

Казакстанда мурдагы дин кызматкери Воронцовго каршы кылмыш иши козголду

Иаков Воронцов. 2023-жыл, апрель.
Иаков Воронцов. 2023-жыл, апрель.

Украинадагы согушка каршы позициясы менен белгилүү Казакстандагы диниятчы Иаков Воронцовго карата «баңгилердин түнөгүн уюштурган» жана «баңгизат сактоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу анын адвокаты Галым Нурпеисов билдирди.

13-февралда Воронцов баңгизат колдонууга байланыштуу административдик иш боюнча 10 суткага камакка алынган. Ал 23-февралда бошотулмак. Адвокаттын айтымында, камак мөөнөтү аяктагандан кийин ал дароо тергөөчүгө суракка жөнөтүлгөн. Учурда Воронцов шектүү макамында.

72 сааттын ичинде тергөө соту анын бөгөт чарасын карайт.

Алматы шаарынын тургуну Иаков Воронцов бир топ жыл Казакстандагы Орус православ чиркөөсүндө кызмат өтөгөн. Орусия армиясы Украинага басып киргенден кийин ал Кремлдин аскердик аракетин колдогон орус православ чиркөөсүнүн позициясын сындаган.

Ачык баш ийбегендиги үчүн Воронцов алгач кызматтан четтетилип, кийин толук бойдон диний даражасынан ажыратылган.

Ушул аралыкта ал Казакстанда көз карандысыз православ түзүмүн түзүүгө аракет кылып келген. Константинополь патриархатынын өкүлчүлүгүн ачуу үчүн кол топтогон.

2023-жылдын декабрь айында Казакстанда Воронцовго каршы «кастыкты жана араздашууну козутуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Андан кийин ал Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кайрылып, ишти адилет кароону өтүнгөн. Воронцов кысым көрсөтүүгө Казакстандагы епархия өкүлдөрүнүн катышы бар экенин, алар анын Москвадан көз карандысыз чиркөө түзүү аракетине тоскоолдук кылып жатышканын билдирген.

2025-жылдын май айында Воронцовдун аракеттеринде кылмыш курамы жок деп табылып, иш токтотулганы маалым болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG