23-февраль күнү Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Жолугушуу Куралсыздануу боюнча конференциянын жогорку деңгээлдеги сегментине катышуу алкагында өткөнүн, анда кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу сөз болгонун мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
"Ошондой эле тараптар БУУнун тынчтыкты бекемдөөдөгү жана глобалдык чакырыктарга жооп берүүдөгү негизги ролун кубаттап, мындан ары конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экенин билдиришти. Өзгөчө көңүл "БУУ-80" демилгесине бурулду, ал уюмдун натыйжалуулугун жогорулатууга жана заманбап нукка салууга багытталган. Жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоо жана аларды ишке ашыруу алкагында кызматташууга даярдык белгиленди", - деп билдирди Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.
Жолугушууда мындан тышкары кыргыз тараптын уюмдун Кыргызстандагы агенттиктери менен активдүү кызматташуусу да баса белгиленди.
Мындан тышкары, Кыргызстан 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрөрүн айткан министр башкы катчыны аталган иш-чараларга катышууга чакырды.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 23-февралда БУУнун Женева шаарындагы кеңсесинде өтүп жаткан Куралсыздануу боюнча конференцияга катышып, анын жогорку деңгээлдеги сегментине сөз сүйлөдү. Кыргызстан бул конференцияга алгачкы жолу катышты.(ZKo)
Шерине