Манас шаарынын жаңы мэри болуп 62 жаштагы Абдупата Маткаликов дайындалды. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгонун 20-февралда президенттин администрациясы маалымдады.
Ушул эле күнү Жалал-Абад облусунун баш калаасынын буга чейинки мэри Эрнисбек Ормоков кызматынан бошотулган.
44 жаштагы Ормоков 2020-жылдын декабрь айынан бери бул кызматты ээлеп келе жаткан. Президент кол койгон жарлыкта Ормоковдун эмне себептен жумуштан алынганы көрсөтүлгөн эмес. Анын кызматтан кетиши соңку күндөрү өкмөт, парламенттеги кадрдык өзгөрүүлөргө туш келди.
10-февралда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынган соң ага жакын делген бир катар жетекчилер жумуштан бошотулууда.
Ал эми жаңы мэр Маткаликов кесиби боюнча инженер. Ал 2020-жылдагы шайлоодо “Мекенчил” партиясынын тизмесинен Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышканы маалым. 2021-жылкы парламенттик шайлоодо "Ишеним" партиясынын талапкерлеринин тизмесинде болгон.
Буга чейин Жалал-Абад аталып келген шаар былтыр аталышын Манас деп өзгөрткөн.
Шерине