Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:21

Түштүк Кореянын өмүрүнүн аягына чейин кесилген мурдагы президенти элинен кечирим сурады

Сеул шаарында мурдагы президенттин сотун телеканалдар чагылдырып жатат. 19-февраль, 2026-жыл.
Сеул шаарында мурдагы президенттин сотун телеканалдар чагылдырып жатат. 19-февраль, 2026-жыл.

Түштүк Кореянын мурдагы президенти Юн Сок Ёл 2024-жылдын декабрындагы кыска мөөнөттүү аскердик абал киргизүү чечимин кабыл алганы үчүн 20-февралда кечирим сурады. Бир күн мурда Сеул соту аны козголоң уюштурган деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Юндун адвокаттары тараткан билдирүүдө ал аскердик абал жөнүндөгү жарлыгы элге “кыйынчылык” жаратканын айтып, бул үчүн өкүнөрүн билдирген. Ошол эле учурда ал өз аракеттеринин “ниети жана максаты түз болгонун” белгилеген.

Сеул соту чыгарган өкүмдү Юн “алдын ала чечилип калган” деп атап, аны саясий өч алуу катары баалаган.

“Өлкөнү сактап калуу үчүн кабыл алынган чечимди "козголоң" деп жаманатты кылууну каалаган күчтөр эми муну саясий атаандаштарын тазалоо жана жок кылуу мүмкүнчүлүгү катары колдонушу мүмкүн”, — деген ал.

Юн жарыялаган аскердик абал алты саатка гана созулуп, парламент аны жокко чыгарган. Бирок бул чечим өлкөдө чоң саясий резонанс жаратып, нааразылык акциялары тутанган.

Сот Юнду конституциялык түзүлүштү бузууга күнөөлүү деп тапкан. Тергөө версиясына ылайык, ал парламентке аскерлерди киргизип, саясий атаандаштарын кармоого аракет кылган. Мунун натыйжасында ал кызматынан четтетилип, камакка алынган.

Бир кезде прокурор болуп иштеген Юн коюлган айыптарды четке кагып, президент катары аскердик абал жарыялоого укугу бар экенин билдирген.

Анын айтымында, бул кадам оппозициялык партиялардын өкмөттүн ишине тоскоолдук жаратып жатканы үчүн жасалган. Ишти караган атайын прокурор Юн үчүн өлүм жазасын сураган.

Бирок Түштүк Кореяда 1997-жылдан бери өлүм жазасына бир да адам тартылган эмес.


Шерине

XS
SM
MD
LG