Бишкектин Биринчи Май райондук соту 13-февралда 41 жаштагы Эрнис Жээнтаевди алты жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарды. Бул тууралуу аны адвокаты Нурбек Сыдыков билдирди.
Милиция кызматкерлери Жээнтаевди 2025-жылдын 10-ноябрында кармаган. Буга анын Фейсбуктагы жеке баракчасына жазган посттору негиз болгон. Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык башаламандыктар) 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) жана ошондой эле 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды сактоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Жээнтаевдин постторуна соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалып, "массалык башаламандыктарга чакырыктар болгон" деген корутунду чыккан.
Азыр ал Бишкектин Тергөө абагында кармалып турат. Адвокаты соттун чечимин алгандан кийин шаардык сотко даттанарын кошумчалады.
Эрнис Жээнтаев көп жылдардан бери Бишкектеги көз карандысыз гезиттерде дизайнер болуп иштеп келген. 2022-жылдан тартып тил боюнча улуттук комиссияга караштуу "Ак билим" басылмасында, Lady.kg жана "Кыргыз тили" гезиттеринде үзгүлтүксүз иштеп келаткан.
Ал Фейсбуктагы баракчасында "Кумтөр" кенинин улутташтырылышы, эркин журналисттердин камалышы, уюшкан кылмыштуулук тууралуу пикирин жазып, азыркы бийликти кескин сындап келген.
Жээнтаевдин жашы жете элек үч баласы, ооруп, төшөктө оор абалда жаткан энеси бар. Аялы мамлекеттик мектептердин биринде катардагы мугалим болуп эмгектенет.
Кыргызстанда соңку жылдары соцтармактардагы пикири үчүн кармалгандардын саны аз эмес. Алар кармалып, камалып, соттолуп да жатат. (KS)
Шерине