Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:58

ТИМ кыргызстандыктарды Мексикага барбай турууга чакырды

Мексикада ири наркокартелдин анабашы Эл Менчо жок кылынгандан кийин өлкөдө зомбулук тутанган.
Мексикада ири наркокартелдин анабашы Эл Менчо жок кылынгандан кийин өлкөдө зомбулук тутанган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жарандарды Мексиканын бир катар аймактарындагы башаламандыкка байланыштуу кырдаал турукташканга чейин ал жакка барбай турууга чакырды.

Ошондой эле учурда Мексиканын аймагында жүргөн кыргызстандыктарга коопсуздуктун күчөтүлгөн чараларын сактоо, адамдар көп чогулган жайлардан алыс болуу жана жергиликтүү бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткаруу сунушталды.

ТИМ өзгөчө кырдаал жаралган учурда Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилигине кайрылуу зарылдыгын билдирди. Байланыш телефону: +1 (202) 449-98-22, +1 (202) 256-2924 жана kgconsulate.washington@mfa.gov.kg. дареги менен электрондук почта акрылуу, ал эми +996 999 312 002 номуру аркылуу министрликтин Консулдук департаментине кайрылууга болот.

ТИМдин маалыматында ушул тапта Мексикада канча кыргызстандык жаран бардыгы тууралуу кабарланган жок.

Мексикада улуттук армиянын аскерлери ири наркокартелдин анабашы Эл Менчо деген атка конгон Немесио Осегера Сервантести жок кылгандан кийин өлкөдө зомбулук тутанган. Жер-жерде машинелер, имараттар өрттөлүп, көчөлөр бөгөттөлдү. Бир нече штатта чукул кырдаал режими киргизилди.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG