Талас шаарындагы "Орозалы" күрөөканасы жарандардан мурда мыйзамсыз тартып алынган мүлктү ээлерине ыктыярдуу түрдө кайтарып берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 24-февралда маалымдады.
Мекеме Мамлекеттик салык кызматынын, Улуттук банктын жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облусундагы башкармалыктары менен чогуу текшерүү жүргүзгөнү, "Орозалы" күрөөканасы мүлктү кайтарып, коюлган дооматтардын негиздүүлүгүн жана мыйзамдуу талаптар бузулганын мойнуна алганы белгиленди.
"Тактап айтканда, Талас районунда жайгашкан үйдү мурдагы ээси кайра алды. Ошондой эле 10 жаранга мурда күрөө катары өткөрүлгөн кыймылсыз мүлккө тиешелүү документтери кайтарылып берилди", - деп билдирди коопсуздук кызматы.
УКМК күрөөкананын жетекчилиги 2024-жылдын жай айларынан тартып, бүгүнкү күнгө чейин жылдык 30 пайыздан жогору мыйзамсыз эсептелген ашыкча пайыздарды да карыз алуучуларга кайтарып берүүгө даяр экенин, күрөөканадан жабыркагандар маселесин мыйзам чегинде жөнгө салуу үчүн кайрылса болорун кошумчалады.
Ошону менен катар мыйзамсыз иштеп жаткан күрөөканаларды аныктоо жана ишин токтотуу боюнча иш-чаралар уланып жатканын билдирди.
Үстөк пайызды негизсиз жогору койгон, мыйзамсыз иштеген деген шек менен акыркы жылдары бир катар ломбарддар жабылып, ээлери камакка алынган. 19-январь күнү УКМКнын ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев коопсуздук кызматкерлерине өлкөдөгү бардык күрөөканалардын ишин, анын ичинде пайыздык чендерин жана насыянын шарттарын текшерүүнү тапшырган.(ZKo)
Шерине