Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Москвадагы жарылуудан бир полиция кызматкери каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада 23-февраль күнү кечинде жардыруунун кесепетинен полиция кызматкери каза болду.

Бул тууралуу Телеграм-каналдар, атап айтканда, Baza кабарлады. Кийинчерээк бул маалыматты Ички иштер министрлиги (ИИМ) жана Тергөө комитети тастыктады.

Соңку маалыматтар боюнча жардырууну уюштурган адам да каза болгон. Дагы эки полиция кызматкери жараат алган.

Жардыруу Савёловский вокзалынын жанында орун алган. Белгисиз адам полициянын автоунаасына жарылуучу затты ыргытып, өз аракеттерин видеого тартып алганы айтылууда. Анын качып кеткени кабарланган, бирок кийинчерээк Тергөө комитети ал жардыруу учурунда каза болгонун билдирди.

ТАСС агенттиги Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен Москвадагы Савёловский вокзалындагы жарылуудан Жол-кайгуул кызматынын кызматкери каза болгонун тастыктады. Дагы эки полиция кызматкери жараат алган. Азырынча жардыруучу заттын түрү жана жардырууну уюштурган деп айыпталган адам тууралуу маалыматтар жок.

Шерине

XS
SM
MD
LG