Лондондо Улуу Британиянын АКШдагы экс-элчиси, Лорддор палатасынын мурдагы мүчөсү, Лейбористтер партиясынын көрүнүктүү ишмери Питер Мандельсон кармалды. Бул тууралуу 23-февралда полиция кармалган адамдын тек-жайын ачыктабай туруп маалымдады.
72 жаштагы Мандельсон расмий түрдө кызматын тийиштүү деңгээлде аткарбоого шек саналууда, бул иш анын америкалык финансист, маркум Жеффри Эпштейн менен байланышы тууралуу. Эпштейнди АКШнын тергөөчүлөрү адам сатуунун жана кыз-келиндерди, анын ичинде жашы жете электерди сойкулукка тартуунун уюштуруучусу деп эсептейт.
Мандельсон былтыр сентябрь айында АКШдагы элчи кызматынан бошотулган, анткени анын Эпштейн менен байланышы мурда кабарлангандан алда канча кеңири экени белгилүү болгон. Анын аты ФБР жарыялаган "Эпштейн досьесиндеги" көптөгөн документтерде кездешет. Тактап айтканда, ал Гордон Браундун кабинетинде министр болуп иштеп жүргөндө Эпштейн менен маалымат бөлүшкөнү аныкталган.
19-февралда Эпштейн иши боюнча мурдагы ханзаада Эндрю кармалып, 12 сааттан кийин бошотулган. Анын үстүнөн иликтөө иши уланууда.
Февралдын башында Эпштейндин иши боюнча жарыяланган документтерде аты аталган британиялык жогорку кызматтагы чиновниктерге каршы жаңы айыптоолорду иликтөө үчүн атайын координациялык топ түзүлгөнү жарыяланган.
Жеффри Эпштейн 2019-жылдын жайында АКШда камакка алынып, кыздарды, анын ичинде 14 жаштагы кыздарды да сатуу жана сойкулукка азгыруу боюнча айыпталган. Ошол эле жылдын август айында 66 жаштагы миллиардер сот алдында түрмөдө өз жанын кыйган. Анын сүйлөшкөн кызы жана, сот аныктагандай, шериги Гислен Максвелл сексуалдык сатууга көмөктөшкөндүгү үчүн 20 жылга кесилген.
Саясий жана бизнес ишмерлер сыяктуу көптөгөн жогорку кызматтагы чиновниктер Эпштейнди билишкен же аны менен кат алышып турушкан.
Шерине