Тегерандагы университеттердин студенттери өткөн ишемби-жекшембиде коопсуздук күчтөрү менен кагылыша кетти. Бул өткөн айдагы нааразылык акциялары күч менен басылгандан кийинки ири демонстрация болуп калды.
Интернетке жарыяланган видеолордо Амир Кабир технологиялык университетинин алдында студенттер менен Басиж куралдуу кошуунунун аскерлери тирешкенин көрүүгө болот. Ыктыярчылардан куралган дал ушул жарым-жартылай аскердик бөлүк өткөн айдагы демонстрацияларды басууда негизги роль ойнгон.
Студенттер өкмөткө каршы ураандарды чакырып турушту.
Ушундай эле нааразылык акциялары буга чейин кеминде беш жогорку окуу жайда, катарында Тегерандагы Шариф университетинде болгону кабарланган.
1979-жылкы Ислам революциясынан кийин Иран башкалаасындагы университеттер көп эле жолу студенттер бийликке каршылыгын билдирген сахнага айланган.
Бул жолку демонстрациялар январдагы толкундоолор учурунда күч кызматкерлеринин колунан каза тапкан кишилердин кыркына дал келди.
Укук коргоочу уюмдардын маалыматы боюнча, былтыр декабрдын этегинде тутанган акцияларда 7 миңден ашуун киши набыт болду. Бирок курмандыктардын саны мындан эселеп көп деп болжолдонууда.
Кан төгүлгөн күндөрдүн эң оору 8-9-январга туура келген.
Тынч демонстранттарга каршы ырайымсыз мамиле эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурдуруп, өлкө бийлиги айыптоого кабылды.
Amnesty International эл аралык укук коргоо уюмунун маалыматында бери дегенде 30 киши акцияларга катышканы үчүн өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.
АКШнын президенти Дональд Трамп башынан эле элге каршы күч колдонулса Иран режимине аскердик чабуул коюларын эскертип келди. Жакынкы Чыгышка учак ташыган согуштук кеме, кошумча аскерлер тартылган.
Муну менен катар Ак үй Тегеранга өзөктүк программасын чектөө үчүн басымын улантып келатат. Вашингтон, Израил жана Батыштын бир катар өлкөлөрү Иранды атомдук курал жасоону көздөйт деп күнөөлөсө, Ислам жумуриятынын жетекчилиги уран байытуу өңдүү аракеттери тынч максаттарды гана көздөгөнүн айтууда.
Сүйлөшүүлөргө арачы түшкөн Омандын тышкы иштер министри Бадр ал-Бусаиди 22-февралдагы постунда Ирандын атомдук программасы боюнча келишимди бүткөрүү багытында “алгылыктуу кадам таштоо дилгирлиги менен” сүйлөшүүлөр ушул бейшембиде Женевада кайрадан уланарын билдирди.
Иран өкмөтү Швейцариядагы жолугушууну кыйыр тастыктады. Ал эми АКШнын расмий өкүлдөрү азырынча үн ката элек.
21-февралда Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Тегеран дүйнөлүк державалардын басымына баш ийбейт деп эскертти.
Ошол эле учурда 22-февралда социалдык тармактагы билдирүүсүндө ал мурдагы сүйлөшүүлөр салыштырмалуу «үмүт бергенин» айтты.
Тегеран аскердик аракеттерди алдын ала турган келишим долбоорун даярдап жатканын билдирген.
«Биз Женевада болжол менен 26-февралда кайрадан жолукканда ошол элементтердин үстүнөн иштеп, жакшы текст даярдоо менен макулдашууга тез жетишебиз деп ишенем…АКШ бизге чабуул койсо, анда өзүбүздү коргоого толук укуктуу болобуз», - деп айтты Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи CBS-TV телеканалына өткөн жекшембиде. Ошол элде маалда ал маселени дипломатиялык жол менен чечүү мүмкүнчүлүгү бар деп белгиледи.
Ал эми Ак үйдүн чабарманы Стив Уиткофф президент Трамп АКШ Ирандын жээгине куралдуу күчтөрдү топтогонуна карабай эмне үчүн Тегеран “багынбай” жатат деген маселени козгогонун айтты.
“Региондо ушунчалык сандагы деңиз аскерлери жайгаштырылганын, ушунчалык кысым болуп жатканын эске алганда эмне үчүн алар: “Бизге куралдын кереги жок, мындай-мындай кадамдарга даярбыз” – деп айтышпайт? Андай чечимди алардан күтүү кыйын”, - деп айткан Уиткофф 19-февралда жазылып, 22-февралда Fox News каналынын эфиринде чыккан интервьюда.
Иран 2015-жылы дүйнөлүк алты держава менен келишимге барган. Анын алкагында Тегеран өзөктүк программасын чектемек, ал үчүн Батыштын санкциялары бара-бара алынмак.
Бирок Трамп 2018-жылы документ Ислам жумуриятынын баллистикалык ракета программасын да камтышы керек болчу деп, андан чыгып кеткенден кийин Иран режимине каршы жазалоочу чаралар кайра киргизилген.
Шерине