Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:27

АКШ–Иран: Дипломатия же жаңжал? Вашингтон Тегеранга сокку урушу мүмкүнбү?

Өткөн айдын соңунда Араб деңизинде F/A-18F Super Hornet үлгүсүндөгү согуштук учак USS Abraham Lincoln авиаучак алып жүрүүчү кеменин үстүнө конду.
Өткөн айдын соңунда Араб деңизинде F/A-18F Super Hornet үлгүсүндөгү согуштук учак USS Abraham Lincoln авиаучак алып жүрүүчү кеменин үстүнө конду.

Женевада АКШ–Иран өзөктүк сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталгандан кийин Вашингтондогу алдыңкы эксперттер кырдаал азыр чечүүчү чекке жеткенин айтып жатышат. Алардын баамында, тынчтык же согуш ыктымалдыгы «50гө 50» болуп турат.

18-февралда өткөн сүйлөшүүлөр олуттуу жылышсыз аяктаганы маалым болду.

Америка тарап Тегеранга өзөктүк программасын токтотуу боюнча катуу басым жасаганы айтылууда. Ак үй белгилегендей, тараптар «абдан алыс позицияда» туруп, кандайдыр бир жылыш болгону менен негизги маселелер боюнча макулдашуу жок.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт Иран жакынкы эки жуманын ичинде кошумча маалыматтар менен кайтып келери күтүлүп жатканын билдирди.

Женевадагы жолугушуунун алдында Иран Ормуз кысыгына багытталган ракеталарды учуруп, аскердик машыгууларын өткөргөн. Бул кысык дүйнөдөгү эң маанилүү мунай ташуу жолдордун бири болуп саналат.

19-февралда Тегеран Орусия менен биргеликте деңиз машыгууларын да улантты.

Ал арада Американын Коргоо министрлиги аймакта олуттуу аскердик күч топтоду. USS Abraham Lincoln учак алып жүрүүчү кемеси F/A-18 жана F-35 согуштук учактары менен жеткирилди.

Тегеран өзүнүн өзөктүк программасы жана уранды байытуу боюнча көрсөтүлүп жаткан басымга карабастан позициясынан тайбай келүүдө. Ал бул иш-аракеттер толугу менен жарандык максаттар үчүн гана жүргүзүлөрүн белгилеп, өзөктүк курал жасоого аракет кылып жатат деген айыптоолорду четке кагууда.

Иран учурда активдүү өзөктүк курал программасына ээ деп эсептелбейт, бирок анын мурда атомдук курал боюнча изилдөө иштерин жүргүзгөн тарыхы бар.

Эксперттер: Мүмкүнчүлүктөр бирдей

18-февралда Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунда (CSIS) Жакынкы Чыгыш маселелери боюнча көп жылдык тажрыйбасы бар АКШнын мурдагы төрт расмий өкүлү кырдаалды ачык баалашты.

АКШнын Сирия боюнча мурдагы атайын өкүлү жана 2023–2025-жылдары Сауд Арабиясындагы элчиси Майкл Рэтни абал тең салмакта экенин айтты.

«Менимче, 50гө 50», — деди ал.

Рэтнинин пикиринде, эгер макулдашуу жаралса да ал кеңири жана толук өзөктүк келишимге окшобой калышы мүмкүн. Анын ордуна бул кандайдыр бир документ, саясий билдирүү же ишенимди бекемдөө жараян болушу ыктымал. Мындай формат Дональд Трампка негизги маселелер толук чечилбесе да туруктуулукка жетиштик деп айтууга мүмкүнчүлүк берет.

АКШнын Каржы министрлигинде Жакынкы Чыгыш боюнча санкция саясаты менен алектенген мурдагы кызматкер Жозеф Фарсах да кеңири келишимге жетишүү азыркы шартта кыйын экенин белгиледи.

Анын айтымында, эң ыктымал сценарий айрым санкцияларды жеңилдеткен, бирок талаштуу маселелерди кийинкиге калтырган жарым-жартылай келишим.

Мындай вариант Ирандын мунай экспортун күнүнө болжол менен 2,5 миллион баррелге чейин көбөйтүшү мүмкүн. Бул жылына 50–90 миллиард доллар көлөмүндөгү мунайдын дүйнөлүк базарга чыгышына шарт түзөт.

Фарсах "эң жакшы сценарий" ишке ашса аймакта туруктуулук орнойт. Ал өз кезегинде Тегеранга инвестиция тартууга жана экономикалык интеграцияны кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Бирок ал Иран мунайынын тез көбөйүшү дүйнөлүк бааларды төмөндөтүп, жогорку бааларга таянган Перс булуңундагы мамлекеттердин экономикалык реформаларына басым жасашы мүмкүн экенин эскертти.

Ошондой эле келишим түзүлгөн күндө да АКШ же, балким, Израил келечекте сокку урушу мүмкүн деген коркунуч толук жоголот деп ишенбей турганын кошумчалады.

Мамлекеттик департаменттин мурдагы улук кеңешчиси Вали Наср да абалды «тең салмакта» деп мүнөздөдү.

Анын айтымында, Вашингтон да, Тегеран да чоң тобокелчиликтерден улам башаламан согушту каалабайт. Дал ушул жалпы этияттык эки тарапты акыркы чекке жеткирбей, артка кайтаруучу фактор болушу мүмкүн.

Ошол эле учурда Наср Трамптын жеке саясий эсеби чечүүчү роль ойной турганын белгиледи. Бул жагдайда институттарга жана узак мөөнөттүү кызыкчылыктарга таянган анализ дайыма эле так жыйынтык бербеши мүмкүн.

Ал ошондой эле дүйнөдө бир нече кризис бир мезгилде жүрүп жатканын эске салып, башка аймактардагы окуялар Иран боюнча чечим кабыл алууга тез эле таасир этиши мүмкүн экенин айтты.

Кымындай ката чоң жаңжалды жаратышы мүмкүн

АКШнын Мамлекеттик департаментинин Жакынкы Чыгыш иштери боюнча мурдагы орун басар жардамчысы Сьюзан Зиадех аскердик күчтөрдүн топтолушу өзү эле кооптуу динамиканы жаратарын эскертти. Анын айтымында, деңизде жана абада мындай ири күч жайгаштырылгандан кийин артка чегинүү оңой болбой калышы мүмкүн.

Ирандын сууларына жакын аймакта согуштук кемелердин жайгашып, машыгуулар маалында ракеталардын атылып, эки тараптын лидерлеринин катуу эскертүүлөрү жасалып жатат. Мындай шартта кичинекей эле ката же туура эмес түшүнүү чоң жаңжалга айланып кетиши мүмкүн.

Женевадагы сүйлөшүүлөр 6-февралда Оманда өткөн алгачкы айлампанын уландысы болду. Ал жолугушуу аймактагы өлкөлөрдүн чыңалууну басаңдатуу чакырыктарынан кийин уюштурулган.

Зиадех Израилди да маанилүү фактор катары атады. Анын айтымында, израилдик жетекчилик стратегиялык эсебин башкача жүргүзүшү мүмкүн.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 28-февралда Израилге барып, премьер-министр Биньямин Нетаньяху менен жолугары пландалууда. Бул тууралуу америкалык маалымат каражаттары жазды.

Макаланын автору: Alex Raufoglu

Которгон: Элиза Кененбаева

XS
SM
MD
LG