Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:19

Мүнхен конференциясы: Өзгөргөн дүйнө, "кыр көрсөткөн" саясат

Мүнхен конференциясын утурлай жарыяланган доклад
Мүнхен конференциясын утурлай жарыяланган доклад

Германияда кезектеги Мүнхен коопсуздук конференциясы (MSC) башталды. 62-жолу чогулуп жаткан жыйын дүйнөлүк чыңалуу күчөп турган учурда өтүүдө. Аны утурлай АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио дүйнө "бурулуш учурга" келгенин айтты. Быйыл конференцияга бир миңден ашык делегат катышууда.

"Европанын күчтүү болушун каалайбыз"

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 14-февралда Мүнхен конференциясында сүйлөгөн сөзүндө Кошмо Штаттар менен Европанын ортосундагы тыгыз мамилени белгиледи. Ал 20-кылымдагы окуяларды эстеп, АКШ менен Европа биргелешип жеңишке жетишкенин, бирок ошондон кийинки эйфория бардык улуттар либералдуу демократияга айланат, улуттук кызыкчылыктардын ордун глобалдуу дүйнө басат, дүйнөдө чек аралар болбойт деген сыяктуу адашууга алып келгенин, ал туура эмес ой болгонун жана кесепетин көрүп жатышканын айтты.

Эркин соода концепциясын сынга алган мамкатчы андай ыкма улуттук кызыкчылыктарга залакасын тийгизгенин белгилеп, "мындай катаны чогуу кетирдик" деп кошумчалады:

Марко Рубио
Марко Рубио

"Атаандаштарыбыз газды, мунайды жана көмүрдү өз экономикасы үчүн гана эмес, бизге басым жасоо үчүн да колдонушуна шарт түзгөн климаттык культтун айынан биз өзүбүздү энергетика саясаты аркылуу чектеп койдук. Биз акыры коомубузга, маданиятыбызга жана келечегибизге коркунуч туудурган, болуп көрбөгөндөй миграция толкунуна эшигибизди ачтык".

Рубио Кошмо Штаттар бул катаны оңдогусу келерин жана бул багытта Европа менен бирге аракет көрүүнү каалай турганын белгиледи:

"Биз Европанын күчтүү болушун каалайбыз. Биз Европа аман калышы керек деп ишенебиз. Дал ошондуктан биз, америкалыктар, кээде бетке айтып, кеңеш бергенде катуу көрүнөбүз. Себеби, досторум, бизге баары бир эмес. Биз союздаштарыбыздын алсыз болушун каалабайбыз, анткени анда биз да алсырайбыз. Бизге өзүн коргой алган союздаштар керек, ошондо эч ким биздин жалпы күчүбүздү сынап көрүүгө батынбайт".

"Согуш созулган сайын агрессор күчтөнөт"

Украинанын президенти Владимир Зеленский өз сөзүндө согуш канчалык узакка созулса, агрессордун ресурстары ошончолук көп болорун белгиледи. Дээрлик 40 мүнөт сүйлөгөн украин лидери союздаштарга ыраазычылык билдирип, ошол эле учурда өлкөгө абадан коргонуу системалары үчүн ракеталар жетишпей жатканын айтты.

Ал Орусиянын көпчүлүк чабуулдарынын максаты азыркы тапта Украинанын энергетика тармагы экенин белгилеп, "Украинада орусиялык аткылоодон жабыркабаган бир дагы электр станциясы калган жоктугун" айтты жана башка муктаждыктар деп Евробиримдикке мүчөлүктү, коопсуздук кепилдиктерин атады.

Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Орусия менен сүйлөшүүлөр тууралуу Зеленский Женевада өтөрү пландалып жаткан кезектеги жолугушуу алдында "АКШ президентинин сигналдарын түшүнөрүн" айтты:

"Биз Орусия менен жолугушуу фактысынан баштап көптөгөн компромисстерге бардык. Менимче, украин элинин көз карашынан алганда, мунун өзү компромисс болду. Биз ортодогу азыркы тилкеден токтоп сүйлөшүүлөрдү улантуу тууралуу сөзгө даярбыз, бул да компромисс. Маселе Орусия эмнеге даяр деген суроодо. Биз орус тараптан компромисс сезбей жатабыз".

Германиянын канцлери Фридрих Мерц 13-февралда конференцияны расмий ачты. Ал азыркы геосаясий кырдаалдын багыт берүүчү жөлөк-тиректерден ажыраганын сүрөттөп, эски дүйнөлүк тартип “жок болгонун”, Орусия жана Кытай тараптан коркунуч жаралып жатканын эскертти.

Канцлер ошол көйгөйлөрдү чечүү үчүн АКШ менен Европа өз алакасын жакшыртууга тийиш деп белгиледи.

Фридрих Мерц
Фридрих Мерц

«Кемчиликтерине карабай, укуктар менен эрежелерге негизделген глобалдык тартип жок болду. Биз босогодон аттап, ири державалардын күч көрсөтүүсү жана саясаты өкүм сүргөн доорго кайрадан кайттык», - деп айтты Мерц.

Немис өкмөт башчысы ачуу реалдуулуктун көрүнүктүү мисалы деп Орусиянын Украинага каршы согушуна токтолду. Ошондой эле Кытай башка өлкөлөрдүн ага болгон көз карандылыгын кыянат колдонуп жатканына басым жасады.

Мерц «жаңы трансатлантикалык өнөктөштүккө» үндөп, «чоң державалардын атаандаштыгы өрчүгөн кезде Кошмо Штаттар да өз алдынча аракеттенүү үчүн жетиштүү түрдө күчтүү эмес» деп кошумчалады.

Конференцияны утурлай АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио дүйнө "бурулуш учурга" келгенин айткан.

"Дүйнө биздин көз алдыбызда абдан тез өзгөрүп жатат. Эски дүйнө жок болду. Ачыгын айтканда, мен чоңойгон дүйнө жок болду. Азыр биз геосаясатта жаңы доордо жашап жатабыз жана бул ар бирибизден бул доор кандай экенин жана анда биздин ролубуз кандай болорун кайрадан карап чыгышыбызды талап кылат", — деп айткан Рубио АКШдан Европага аттанып жатканда.

Рубио европалык жүздөгөн алдыңкы саясатчылар, мыйзам чыгаруучулар, жогорку аскерлер, окумуштуулар катышкан форумда сөз сүйлөмөкчү. Бир жыл мурун ушул эле конференцияда АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Европаны иммиграция жана ашынган оңчул партияларга тиешелүү кооптуу саясат жүргүзүп жатат деп катуу сындап, бир топ катуу сөз айтканы катышуучуларды дендароо калтырган.

Европадагы кооптонууларды баса белгилеп, жыйындын уюштуруучулары даярдаган докладда “кыйратуучу саясат" пайда болгону айтылып, “АКШнын президенти Дональд Трамп учурдагы эрежелерди жана институттарды бузгандардын ичинен эң таасирдүүсү экени" белгиленет.

Андрей Сибига менен Ван И
Андрей Сибига менен Ван И

Мүнхенге баргандан кийин Рубио Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен эки тараптуу сүйлөшүү өткөрдү. Жол тартардын алдында украин президенти Владимир Зеленский менен кездешиши мүмкүн, бирок ал "100 пайыз чечиле электигин" айткан.

Орусиянын Украинанын энергетикасына сокку уруп, жүз миңдеген кишини ызгаарда караңгыга жана суука батырганы тууралуу суроого жооп берип жатып Рубио дал ушул үчүн Вашингтон тынчтык орнотуу аракеттерин улантканын белгиледи.

“Эл жапа чегүүдө. Азыр жылдын эң муздак мезгили. Эбегейсиз азап болду”, - деп кошумчалады мамкатчы.

Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига Рубио менен сүйлөшүү күтүлүп жатканын “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысына айткан:

“Эң жогорку деңгээлдеги ырааттуу байланыштарыбызды улантууга кызыкдарбыз. Согушка Трамп, Америка гана чекит кое алат”.

Трамп Украинадагы согушту токтотууну былтыр январда бийликке кайтып келгенден кийин артыкчылыктуу максатка айландырган. Бирок Москва компромисске анча даяр эместигин көрсөтүп, АКШ, Украина жана Орусия ортосундагы үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн эки айлампасы негизги маселелерде, анын ичинде Донбассты көзөмөлдөө боюнча пикир келишпестиктерге алып келди.

13-февралда орусиялык жана украиналык расмий адамдар ал сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раунду Женевада 17-18-февраль күндөрү болорун айтышты.

“Согушту татыктуу тынчтык жана Украинага, бүтүндөй Европага коопсуздук кепилдиктерин берүү менен аяктоого биргелешип жетүү маанилүү. Европада эч ким коргонуусуз калдык деп кооптонбошу керек”, - деп жазган украин лидери Владимир Зеленский Х социалдык тармагындагы постуна Мүнхенге учуп барган видеосун тиркеди.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун жериндеги кабарчылары бир катар жетекчилерди сөзгө тартты.

Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стере “согуштун кесепети Украинанын сыртында да сезилип жатканына" токтолду:

“Кеп аскердик кубатын өз кызыкчылыктарын сүрөөнгө алуу үчүн колдонгон күчтөргө туруштук берүү тууралуу жүрүп жатат. Бул Европанын, иш жүзүндө анын сыртындагы коопсуздук үчүн да маанилүү”.

Премьер согушту токтотуу үчүн Орусияга басым жасоо керектигин кошумчалады:

“Орусия аны каалаган күнү токтотмок. Орусия баскынчы. Ок атууга чекит коюп жана адилет тынчтыкка жетүү үчүн Украинага бар колдообузду көрсөтөбүз.”

Коопсуздук конференциясынын уюштуруучулары быйыл тарыхтагы эң ири иш-чара болорун билдиришти. Ага 1000ден ашык делегат, анын ичинде 50гө жакын өкмөт башчылары жана жогорку даражалуу дипломаттар катышууда.

Конференция дүйнөлүк чыңалуу күчөп турган учурда өтүп жатат. Тактап айтканда, АКШ-Иран тиреши, Орусия Украинага каршы согуш ачканынын төрт жылдыгы, НАТО трансатлантикалык альянсынын келечеги боюнча чыңалуу күчөп турган маал.

Шерине

XS
SM
MD
LG