Киевде поезддин вагондорун атайын жылынуучу жай катары уюштурушуп, эл келип жылынып кетүүдө.
Украинанын борбору Киев шаарында жекшембиге караган түнү Орусиянын жапырт чабуулунан 800 миңден ашуун абонент жарыксыз калды. Орус күчтөү Украинанын энергетикалык жана жарандык инфраструктурасын бутага алганын өлкөнүн биринчи вице-премьери, энергетика министри Денис Шмыгал билдирди.
Киевден тышкары Харьков, Чернигов жана башка аймактарга сокку урулган.
«Душмандын тынымсыз соккулары кырдаалды турукташтырууга мүмкүнчүлүк бербей жатат. Энергетикалык системаны калыбына келтирүүгө жетишпей жатышат. Башкалаада чукул өчүрүүлөрдөн улам 800 миңден абонент жарыксыз отурат. Дефицит сакталууда. Өнөктөштөр менен аны азайтуу үчүн иштеп атабыз», — деп жазды Шмыгаль соцтармактардагы баракчаларына.
Катуу суукта Орусия Украинанын энергетикасына чабуулдарды күчөтүп жатат. Мындан улам украин катуу кризисти баштан кечирүүдө. Өткөн аптада Шмыгал өлкөдө Орусиянын аба соккуларына же аткылоосуна кабылбаган бир да электр станция калбаганын билдирген.
Киевде 1600дөн ашуун көп кабаттуу үйдө жылуулук жок
Ишембидеги Орусиянын чабуулунан кийин Киевде 1676 көп кабаттуу үй жылуулуксуз отурганын шаардын мэри Виталий Кличко кабарлады.
«Инфраструктура талкалангандан улам кечээ кайрадан дээрлк 6 миңдей үйдө жылуулук өчтү. Анын көпчүлүгүнө 9-январдагы жана 20-январдагы аткылоолордон кийин жылуулук эки жолу кайра кошулган же туташууга аракет кылынган», — деди ал.
Анын айтымында, кечээтен бери энергетиктер 1600дөн ашуун үйгө жылуулук берүүнү калыбына келтирди.
Орусиянын билдирүүсү
Ал тапта Орусиянын Коргоо министрлиги абадан коргонуу күчтөрү түндө украиналык 52 дронду атып түшүргөнүн билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, 18 дрон Брянск, 15и Краснодар, тогузу Ростов, төртөө Орел, үчөө Белгород, дагы үчөө Астрахан облустарынын аймагынан атып түшүрүлгөн.
Путин менен Зеленский жолугушабы?
АКШ, Украина жана Орусиянын 24-январда Абу-Дабиде өткөн үч тараптуу жолугушуусу жемиштүү болуп, анда прогресске жетишилгенин америкалык Axios басылмасы америкалык чиновниктерге шилтеме берип жазды.
Басылма маалымдагандай, АКШ делегациясынын Жаред Кушнер, Стив Уиткофф мүчөлөрү украин-орус жумушчу тобунун жыйыны өтүп жаткан жерде ортосундагы бөлмөгө орун которушту.
«Бардык нерсе талкууланды. Талкуудан эч ким баш тарткан жок. Бир дагы маселе көңүл сыртта калбады. Баары бири-бирине сый мамиле кылышты, анткени алар чындап эле маселени чечүү жолдорун издешти», — деп билдирген ал.
Америкалык чиновниктер эки күндүк сүйлөшүүлөрдө бардык маселе: Орусиянын Донбасс боюнча талабы, Запорожье атомдук электрстанциясынын айланасындагы талаш-тартыш, согушка чекит коюу боюнча зарыл кадамдардын баары талкууланганын билдиришкен.
Сүйлөшүүлөрдүн экинчи күнү аяктаганда үч топ тең түштөнүүгө чогулганы кабарланды.
«Биз Путин менен Зеленскийдин жолугушуусуна абдан жакындап калдык», — деп билдирген америкалык чиновник Axios басылмасына.
Аты аталбаган аткаминердин айтканына караганда, Абу-Дабидеги кийинки жумада да уланары айтылып жаткан үч тараптуу сүйлөшүүлөрдө жылыш болсо, тараптардын андан аркы жолугушуусун Москвада же Киевде өткөрүү маселеси талкууланышы мүмкүн.
Шерине