Кол чабуулар басаңдап, НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте трибунада кагаздарын чогултту. Ага оюн топтош үчүн 62 секунд кетти.
"Караңгы, эзүүчү күчтөр кайрадан жанданып жатат. Биз Орусиянын кийинки бутасыбыз", - деди Рютте 11-декабрда Берлинде сүйлөп жатып.
Буга чейин бир катар өлкөлөрдүн жогорку даражалуу жетекчилери жана чалгын кызматтары келечекте Орусия менен түз кагылышуу коркунучу турганын эскертишкен эле.
Февралда Даниянын чалгын кызматы "Орусия өзүн Батыш менен душман деп эсептейт жана НАТОго каршы согушка даярданып жатат" деп билдирген.
Июнь айында Германиянын эң жогорку даражалуу генералы Орусиянын чабуулу төрт жылдын ичинде болушу ыктымал экенин боолгологон. Ноябрда ушундай эле пикирди Польшанын аскер жетекчиси да кайталаган.
Ал эми Германиянын коргоо министри Борис Писториус "айрым тарыхчылар биз акыркы тынч заманды баштан кечирип койдук деп эсептешет" деп айткан.
Бул эскертүүлөрдүн тизмеси муну менен эле чектелбейт. Марк Рютт - алардын ичинен эң көп жана эң катуу сүйлөп келаткан саясатчы.
Январь айында ал НАТОго мүчө өлкөлөрдү коргонуу чыгымдарын көбөйтүүгө чакырып, болбосо "орус тилин үйрөнүүгө даярдангыла" деген.
Июнь айында болсо ыктымал чабуул Кытайдын Тайванга каршы аракеттери менен бир убакта координацияланып кетиши ыктымал экенин айткан.
Баш катчынын 11-декабрдагы сөзү буга чейинкилердин арасынан эң кооптуу эскертүү болду.
Анда Рютте "ата-бабалары башынан өткөргөн согуштун масштабы" тууралуу айтып, "жалпы мобилизация, миллиондогон адамдын жер которушу" сыяктуу сценарийлерди эске салды.
Кооптонуунун артында эмне турат?
Мындай билдирүүлөр түмөн суроолорду да жаратууда.
"Мен бул тууралуу көптөн бери ойлонуп келем. Анткени Орусия НАТОнун өлкөлөрүнө кол салууга даяр же ниети бар экенин тастыктаган эч кандай далил жок", - деди Москвада жана Киевде иштеген Британиянын мурдагы аскер атташеси Жон Форман "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна курган маегинде.
Анын айтымында, айрым саясатчылар менен аскердик жетекчилер Орусиянын коркунучун "бир топ прагматикалык себептер менен" ашыра чаап көтөрүп жатат.
"Рютте НАТОнун өлкөлөрүн коргонууга бөлүнгөн каражат боюнча милдеттенмелерин аткарууга түрткү берүү, поляктар болсо өз аймагына НАТОнун көбүрөөк күчтөрүн жайгаштыруу үчүн", - деп түшүндүрөт Форман.
Скептиктер ошондой эле төрт жылга жакын созулган согушка карабай Орусия Украинаны толук баш ийдире албаганын белгилешет. Чынында, быйыл айрым багыттарда орус армиясы илгерилегени менен ал адам өмүрү жана аскердик техника жагынан Орусияга өтө эле кымбатка түшүүдө.
Финляндиянын Эл аралык иштер институтунун өкүлү Теему Таммикко да Орусия азырынча "НАТО өлкөлөрүнө кол салууга даяр эмес, ага жөндөмү да жок" деп эсептейт.
Бирок ал "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус кызматына курган маегинде президент Владимир Путиндин бийликтеги орду "тышкы коркунучтан көз каранды" экенин, демек "узак келечекте, айрыкча Украинадагы согуш токтоп калса түз аскердик чагымдар болушу ыктымал" экенин айткан.
Айрымдар мунун белгилери азыртан эле байкалып жатканын, мисалы, орус дрондору менен учактары НАТОнун аба мейкиндигине кирип жатканын белгилешет. Бирок быйылкы эскертүүлөр мындан да кыйла кооптуу сценарийлерди ишара кылууда.
Эстония чабуулга кабылабы?
18-декабрда жарыяланган Европа тышкы байланыштар кеңешинин (ECFR) баяндамасында Кошмо Штаттардын жана башка НАТОнун союздаштарынын чындап согушка катышууга даярдыгын текшерүү үчүн Эстонияга түз чабуул жасалышы мүмкүн деген кооптонуулар айтылат.
"Европада бул тынчсыздануу андан да терең коркунуч менен коштолот. Ички саясатка алаксып, өзүнө көбүрөөк көңүл бөлө баштаган АКШ өкмөтү жакын арада Европадагы коопсуздукту камсыздоого аралашуусун азайтышы же коргонуудагы ролуна шарт коюшу мүмкүн", - деп жазылат баяндамада.
Анда Эстония "чакан, түздүк аймакта жайгашкан ачык" өлкө катары сүрөттөлөт. 2016-жылы өткөрүлгөн аскердик машыгуу орус армиясы бастырып кирсе анын күчтөрү борбор шаарды 60 сааттын ичинде ээлеп алышы мүмкүн экенин көрсөткөнү айтылат.
Ошол эле учурда документте Украинадагы согуш аяктагандан кийин Москвага мындай чабуулга даярдануу үчүн 5 жылдан 10 жылга чейин убакыт керек экени белгиленет. Бул мөөнөт Марк Рютте, Борис Писториус жана башка айрым европалык лидерлер айткан убакыттан кыйла узак.
Белгилей кетүүчү жагдай - АКШнын расмий өкүлдөрү европалык лидерлердин мындай эскертүүлөрүн кайталаган жок.
Жакында жарыяланган АКШнын Улуттук коопсуздук стратегиясында "Европадагы союздаштар дээрлик бардык көрсөткүчтөр боюнча, өзөктүк куралдан башкасын эске албаганда, Орусияга караганда кыйла күчтүү аскердик артыкчылыкка ээ" экени айтылат.
Ошол эле маалда документте АКШнын дипломатиялык аралашуусу Орусия менен Европа мамлекеттеринин ортосундагы жаңжал коркунучун азайтуу үчүн зарыл экени да белгиленет.
«Согушту козутуучулар»
Кремлдин өкүлдөрү европалык лидерлерди "согушту козутуучулар" деп атап, кол салуу ниети жок экенин айтып келишет. Алар Украинага толук масштабдуу басып кирерден мурун 2022-жылдын февраль айында да ушундай эле билдирүүлөрдү жасашкан.
Бирок бул автоматтык түрдө мындан ары да агрессия болбойт дегенди билдирбейт.
"Орусияга таандык деп айтылып жаткан аскердик максаттарды биз көздөбөйбүз», - деди 22-декабрда орус тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков.
Анын сөзүно караганда "Орусиянын президенти буга чейин эле Украинадагы согушту жөнгө салуунун алкагында муну юридикалык жактан да кепилдөөгө даяр экенин айткан".
Бирок Батышта мындай убадага олуттуу ишенгендер аз. Анткени Орусия 1994-жылы Будапешт меморандумуна кол коюп, Украина чек араларынын кол тийбестигин урматтоого убада берип, кийин аны бузган.
Акыр аягында кырдаал бир адамдан көз каранды болушу мүмкүн.
"Биз билгендей, Орусия демократиялуу өлкө эмес. Мындай чечим негизинен Владимир Путиндин НАТОнун мүчөсү болгон кайсы бир Европа өлкөсүнө же башка европалык мамлекетке кол салууну каалаган ниетине гана байланыштуу болмок. Ошондуктан биз кол салуу болобу же болбойбу, так билбейбиз. Европанын бардык бурчунда аскер жетекчилери “эртең эле бир нерсе болуп кетиши мүмкүн” деп айтып жатышат. Бул беш жылдан кийин да, он жылдан кийин да болушу мүмкүн же таптакыр болбой калышы да ыктымал. Бирок эч нерсе болбойт деп, ишенип отура берүүгө болбойт», - деди коргонуу жана коопсуздук боюнча RUSI аналитикалык борборунун эксперти Элизабет Броу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус кызматына курган маегинде.
Шерине