Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:30

"АКШга маңзат ташычу". Мексикада Эл Менчо жок кылынды

Халиско штаты наркокартелдин зомбулугуна кабылды. Мексика, 22-февраль 2026-жыл
Халиско штаты наркокартелдин зомбулугуна кабылды. Мексика, 22-февраль 2026-жыл

Мексикада улуттук армиянын аскерлери ири наркокартелдин анабашы Эл Менчо деген атка конгон Немесио Осегера Сервантести жок кылгандан кийин зомбулук тутанды. Жер-жерде машинелер, имараттар өрттөлүп, көчөлөр бөгөттөлдү. Бир нече штатта чукул кырдаал киргизилди.

Ак үйдүн басам сөз катчысы операция АКШ бөлүшкөн чалгын маалыматтын негизинде жүргөнүн бышыктады. Маалымат каражаттары жазганына караганда, Эл Менчо жетектеген кылмыштуу топ Кошмо Штаттарга маңзаттарын ташуу менен алектенчү.

Жекшембиде Мексиканын улуттук гвардиясы Уюшкан кылмыштуулук менен күрөш боюнча прокуратуранын кеңсесин кайтарууга тартылды. Жергиликтүү медиа дал ошол жерге атайын операцияда жок кылынган Эл Менчонун сөөгүн алып кетишкенин кабарлашкан.

Анын өлүмү тууралуу кабар тарагандан кийин картелдин куралчан адамдары сегиз чакты штатта машинелерди, ишканаларды өрттөп, кан жолдорду бууп салышты. Карапайым адамдар арасында каза тапкандар тууралуу маалымдалган жок.

Оахака штатынын губернатору Саломон Хара коопсуздук кызматкерлерин зомбулук өзгөчө жайылган райондорго тартуу буйругун берди.

Мексика: Эл Менчо жок кылынган соң башаламандык күчөдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:11 0:00

Мексиканын борборунда орун алган Гуанахуато штатынын жетекчилиги чукул жыйынга чогулду. Айрым райондордо коомдук транспорттун иши токтоп, жергиликтүүлөргө үйлөрүнөн чыкпай туруу кеңеши берилди.

Халиско штатынын бир нече районунда, анын ичинде борбору Гвадалахарада имараттар менен машаналарга өрт коюлду.

Катардагы мексикалыктар маңзаттарын жайылткан кылмыштуу уюмдарды жок кылууну кубаттаганы менен башаламандыкка, зомбулукка тынчсызданганын айтышат.

22-февралда Мексиканын Коргоо министрлиги Халиско штатынын Тапальпа шаарындагы аскердик операцияда наркобарон, Эл Менчо деген каймана ат менен белгилүү Немесио Осегера Сервантес жок кылынганын тастыктаган. Маалыматка караганда, аны менен кошо төрт киши өлтүрүлдү, экөө оор жаракат алды. Операция маалында үч аскер жабыркады.

Министрлик АКШ куралдуу күчтөрдү “кошумча маалымат” менен камсыздаганын белгиледи.

Кийинчирек Ак үйдүн басам сөз катчысы Кэролайн Левитт операция АКШ берген чалгын маалыматтын негизинде жүргүзүлгөнүн бышыктады жана мексикалык аскерлерге кызматташтык, ийгиликтүү рейд үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Маалымат каражаттары жазганына караганда, Эл Менчо жетектеген кылмыштуу картел Кошмо Штаттарга кокаин, фентанил өңдүү маңзаттарын ташуу менен алектенчү.

60 жаштагы Эл Менчо мурда полицияда иштечү. 2010-жылдары Халиско штатында ири наркосиндикат түптөп, бара-бара таасирин өлкөнүн башка жерлерине да жайылткан. Анын картели коопсуздук түзүмдөрү менен кагылышуулардан коркпогон өтө ырайымсыз кылмышкерлер катары таанылган.

Буга чейин Кошмо Штаттар Мексикадан наркокартелдерге каршы операцияларды күчөтүүнү, фентанил сыяктуу синтетикалык маңзаттарды өндүрүп, ташып келип жаткан кылмыштуу топторду түп-тамырынан жок кылууну талап кылган.

Вашингтон Эл Менчо жашырынган жерин табуу үчүн маалымат менен бөлүшкөндөргө 15 миллион доллар убада кылган.

Мексиканын президенти Клаудия Шейнбаум штаттардын көбүндө кырдаал көзөмөлгө алынганын, алар нормалдуу турмушка кайтканын билдирди:

“Ишибизди бардык штаттардын өкмөттөрү менен координациялап жатабыз. Биз абалдан кабардар болуп, дүрбөлөңгө түшпөшүбүз керек...Мексика армиясына, улуттук гвардияга, куралдуу күчтөргө жана Коопсуздук кабинетине ыраазычылыгымды билдирем. Биз күн сайын Мексиканын бейпилдиги, коопсуздугу, бакубаты, адилеттүүлүгү үчүн иштеп атабыз”.

Пуэрто-Вальярта жана Гвадалахара шаарларында аэропорттордун иши үзгүлтүккө учурап, социалдык тармактарда жүргүнчүлөр дүрбөлөңгө түшкөнүн көрүүгө болот.

Баса, Гвадалахара бир нече айдан кийин футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтө турган шаарлардын бири.

Шерине

XS
SM
MD
LG