Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

“Эл үмүтү” стипендиясы 26 адамга берилди

Кыргызстандык студенттер. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандык студенттер. Иллюстрациялык сүрөт.

2026–2027-окуу жылына өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы боюнча президенттин “Эл үмүтү” стипендиясы 26 адамга берилди.

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдиргендей алардын ичинен 14ү биринчи окуу жылында билим алууну баштайт, дагы 12си экинчи жана үчүнчү окуу жылдарында окуусун улантат. Алар дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде илим, технология, билим берүү, экономика, мамлекеттик башкаруу, саламаттык сактоо жана башка багыттар боюнча билим алышат.

“Эл үмүтү” программасынын стипендиясын алып, чет өлкөлөрдө окуган кыргызстандыктар окуусун бүткөн соң мамлекетке беш жыл иштеп берүүгө милдеттүү болушат. Эгер келишимди бузса окуусу үчүн сарпталган каражатты төлөп бериши керек.

“Эл үмүтү” аттуу эл аралык стипендиялардын жаңы программасын ачуу тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 2022-жылы 10-майда кол койгон.

Бул стипендия дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине өткөн 50 магистрант, докторантка берилет. Акчанын көлөмү тандалып алынган университетке жараша аныкталары жана жыл сайын 50 миң доллардан ашпоого тийиш экени айтылган.

Документке ылайык, техникалык жана инженердик багыттарга артыкчылык берилет. Экономика жана гуманитардык адистиктер боюнча да тапшырса болот. Илимдин доктору даражасы наамын алууга өзүнчө он стипендия бөлүнөт.

Кыргызстандык эгемендик тарыхында студенттердин чет өлкөлөрдө окуусун колдоо боюнча мурда “XXI кылымдын кадрлары” деген улуттук программа иштеген. Ага ылайык, окуу акысын мамлекет төлөп берген студенттер чет өлкөдө университетти бүтүргөндөн кийин Кыргызстанга кайтып келип, мамлекеттик мекемелерде иштеши керек болчу.

Кийинчерээк программаны каржылоо жана уюштуруу иштери аксап, өз максатына жетпей калган. (BTo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG