Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

Ош–Манас жолун төрт тилке кылып кеңейтүү пландалууда

Ош–Манас багытындагы Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол. Иллюстрациялык сүрөт.
Ош–Манас багытындагы Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол. Иллюстрациялык сүрөт.

Ош–Манас жолун төрт тилкеге чейин кеңейтүү каралууда. Транспорт министрлигинин маалыматына караганда, долбоор жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатып, өлкөнүн түндүгү менен түштүгү ортосундагы транспорт байланышын жакшыртууга багытталган.

8-октябрда транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэл Жаныбеков Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) адиси Майкл Аньяла менен жолду реконструкциялоо долбоорун талкуулады. Жолугушууда ошондой эле «жашыл жолдорду» өнүктүрүү, электрондук логистиканы жайылтуу жана мамлекеттик чек ара өткөрмө бекеттерин жаңылоо маселелери каралды.

9-октябрда АӨБ менен Транспорт министрлигинин өкүлдөрү Ош - Манас жолунун реконструкциялоого муктаж тилкесинде жеринен таанышуу иштерин жүргүзүшөт.

Ош–Манас жолу Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташтык (ЦАРЭС) программасынын үчүнчү транспорттук коридоруна кирет.

2024-жылдын аягында Ош–Манас багытындагы Өзгөн шаарын айланып өткөн акы төлөнүүчү жол курулуп, ишке берилген. Андан өтүү үчүн жеңил автоунаалардан 200 сом, жүк ташуучу унаалардан 700 сом алынат.

Жолдун узундугу 14 чакырымды, туурасы 22 метрди түзөт. Долбоордун алкагында узундугу 200 жана 97 метр болгон эки көпүрө курулган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги буга чейин 2026-жылы Кыргызстан боюнча 1100 чакырымдан ашык жолду оңдоо пландалып жатканын билдирген. Ири долбоорлордун катарында Ош - Сары-Таш - Эркечтам жолунун 61 чакырымдык бөлүгүн капиталдык оңдоо иштери да бар. (ZKo)


Шерине

​
XS
SM
MD
LG