Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

Адабият боюнча Нобел сыйлыгы канадалык акын Энн Карсонго ыйгарылды

2026-жылы адабият боюнча Нобел сыйлыгынын лауреаты болгон канадалык жазуучу Энн Карсон.
2026-жылы адабият боюнча Нобел сыйлыгынын лауреаты болгон канадалык жазуучу Энн Карсон.

2026-жылдагы адабият боюнча Нобел сыйлыгы канадалык акын Энн Карсонго ыйгарылды. Бул тууралуу 8-октябрда Швед академиясы жарыялады.

Карсон классикалык адабияттын салттарын жаңычылдык менен колдонуп, заманбап адабиятта жаңы формаларды жаратканы үчүн сыйлыкка татыды. Академия анын чыгармачылыгын "тайманбас жана изденүүгө бай" деп баалады.

Энн Карсон акындык менен катар котормочулук жана окутуучулук менен алектенип, ар кайсы университеттерде сабак берген.

Карсон өзү чыгармаларынын башаты сөздөрдүн келип чыгышын изилдөөдөн башталарын айткан.

Ал быйыл да адабий сынчылар менен букмекерлер сыйлыкка татыктуу деп божомолдогон негизги авторлордун арасында болгон. Алардын катарында кытайлык жазуучу Цань Сюэ жана Антигуада төрөлгөн америкалык жазуучу Жамайка Кинкейд да аталган.

Адабият боюнча Нобел сыйлыгы 1901-жылдан бери берилип келет. Анын тарыхындагы эң жаш лауреат Редьярд Киплинг болгон. Ал сыйлыкты 41 жашында алган. Ал эми эң улгайган лауреат Дорис Лессинг сыйлыкка 87 жашында татыган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG