"Баары бир акырындан кымбаттайт"
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 4-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Кыргызстанда күйүүчү май дагы кымбаттай турганын айтты.
Анын сөзүнө караганда, өлкө Беларустан, Кытайдан, Түркиядан жана Европа өлкөлөрүнөн кара май ташып келүүдө. Андан тышкары Өзбекстанга нефти алып барып, аны ошол жактан иштетип, кайра Кыргызстанга айына 20 миң тонна бензин алып келүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ошондой эле күйүүчү-майлоочу майды Кытайдан автоунаа эмес, темир жол менен ташуу жолдору каралууда.
“Биздин эл газды, дизелди жана АИ-92 үлгүсүндөгү бензинди көп колдонот. Ушуга байланыштуу биз субсидия кылып, бааны кармап атабыз. Бирок баа баары бир акырындан кымбаттайт. Өзбекстан менен Тажикстанга салыштырып караганда бизде АИ-92 бензини, дизел 20-25 сомго чейин арзан. Баа дагы көтөрүлсө, субсидия кылыш үчүн бюджеттен миллиарддаган каражат кетет. Ошондуктан баа баары бир өсөт”, - деди ал.
Адылбек Касымалиев солярка Кыргызстанга ташылып келген өз баасы менен сатылса 130-140 сомго, бензин 110-120 сомго чейин чыгып кетиши мүмкүн экенин кошумчалады. Өкмөт башчы Кыргызстанда дизел, газ, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин жана авиакеросин тартыш болбой турганын, АИ-95 жана АИ-100 үлгүсүндөгү бензин боюнча маселе жаралышы мүмкүн экенин айтты.
Бийлик абалды жөнгө салып, бензиндин, дизелдин баасы кескин кымбаттап кетишин алдын алуу үчүн 25-майдан тартып АИ-92, газ жана дизелге мамлекеттик субсидия киргизген. Ал 30-сентябрга чейин уланат.
Жакынкы Чыгыштагы абал жана Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна украиналык дрондордун чабуулдары дүйнөдө кара майдын кымбатташын шарттады.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев буга чейин Кыргызстан Кытайдан, Түркиядан жана Беларустан күйүүчү май ташып келгенин, ушул тапта өлкөдө бензиндин эки айга жете турган кору бар экенин айткан. Ал 30-июлда Кыргызстан Орусиядан айына 100 миң тоннадан күйүүчү-майлоочу май ташып келүү боюнча келишимге кол койгонун кабарлаган.
Ушул күндөрү Бишкекте АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 89,9 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 109,9 сом, дизел 99,9 сом болууда.
Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе, анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, дизел, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат.
Мунай ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов буга чейин кара майга байланыштуу абал оор экенин билдирген.
“Бүгүнкү күндө кырдаал жөнөкөй эмес. Анткени, өзүңөр билесиңер, биздин компаниялар Орусиядан көпчүлүк көлөмдү ташып келет эле. Бүгүнкү күндө ал жактагы мунай иштетүүчү заводдордун бизге берген сунуштары күндөн-күнгө азайып атат. Бензин боюнча бүгүнкү күндө сунуш таптакыр эле жок болуп калды. Башка мамлекеттерден биздин компаниялар ошол бензинди издеп жүрүшөт. Ал биздин жакынкы эле кошуналар – Казакстан, Кытай, ошондой эле Азербайжан, Беларус, Европа мамлекеттери. Кайсы мамлекетте мунай көп болсо, ошолор менен биздин компаниялардын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жүрүшөт”.
Орусия жана Азербайжан менен келишимдер
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстан Кытайдан, Түркиядан жана Беларустан күйүүчү май ташып келгенин, ушул тапта өлкөдө бензиндин эки айга жете турган кору бар экенин билдирди.
Ал өкмөттүн биринчи милдети - элди кара май менен камсыздоо экенин айтып, күйүүчү-майлоочу майдын кымбатташын дүйнөлүк рыноктогу абал менен байланыштырды.
“Орусиянын өзүндөгү чектөөлөргө карабастан бизге колдоо көрсөтүп, күйүүчү майды Кыргызстанга жеткирүү кайра жанданат жана сапатынан, көлөмүнөн маселе болбойт”, - деди ал.
31-июлда президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев Чолпон-Атадагы жолугушуудан кийин бир катар тармактардагы кызматташуу боюнча эки тараптуу документтерге кол койду.
Алардын арасында Энергетика министрликтеринин ортосунда мунай жана мунай продуктуларын жеткирүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум да бар.
Азербайжан менен мунай иштетүү тармагында сүйлөшүүлөр буга чейин да жүрүп, бирок пландалган долбоорлор ишке ашкан эмес.
Саясат талдоочу, Кыргызстандын Азербайжандагы мурдагы элчиси Кайрат Осмоналиев жылына 20 млн тонна мунай экспорттогон Азербайжан Бишкекке кара май берүүгө макул экенин, бирок ортодо Казакстан тараптан транзит боюнча маселе жаралышы ыктымалдыгын белгилеген.
Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Беларус менен да импорт боюнча келишим түзүлгөнүн, ошондой эле Өзбекстан жана Казакстан күйүүчү май жеткирүү өтүнүчүнө оң жооп бергенин билдирген.
Июлдун башында Кытай күйүүчү-майлоочу майдын биринчи партиясын Бишкекке жөнөткөн. Бирок Канат Эшатов ал жактан келген мунайдын көлөмү күнүмдүк керектөөнү жабуу үчүн өтө эле аз экенин белгилеп жатат:
"Биздин бир күндүк ички керектөөбүз 1200 тоннага тете болот. Ал эми келип аткан көлөм андан аз. Бизге чоңураак көлөмдө, көбүрөөк келиши керек. Ошондо биз корубузду көбөйтүп, кырдаалды оңдой алабыз".
Айрым эксперттер белгилегендей, мунай рыногунда Бээжин экспорттоочу болбогондуктан кызыкчылыгы жок жерге эч качан мунай саткан эмес. Андыктан өзүнө жетпей жаткан жакта Кыргызстандын жалпы калкына мунай бербейт болчу.
Мурдагы элчи Кайрат Осмоналиев Кыргызстан "бир алкак бир жол" демилгесинин алкагында коридор катары артыкчылыктуу мааниге ээ экенине көңүл бурат:
"Алар үчүн бизге мунай жөнөтүп коюу аябай деле чоң маселе эмес. Анткени, мисалы, 7 млн деген жадагалса бир шаардын калкындай чыкпайт. Ошондуктан, биз үчүн 1 млн тонна керек болсо, ал Кытай үчүн маселе эмес. Аларга саясий жана бизнес перспективасы артыкчылыктуу болуп жатат".
Беларус бийлиги биринчи кезекте өз рыногун ойлойт
Орусия өзү таңкыстыктан улам күйүүчү майды ошол эле Кытай, Казакстан жана Беларустан алууну улантууну көздөөдө.
1-25-июнь аралыгында Беларус кошуна өлкөсүнө 141 миң тонна бензин экспорттоду. “Ведомости” жазганына караганда, Беларустун мунай иштетүүчү заводдору бир айда бул көлөмдүн жарымын чыгарат.
Рейтер кабарлагандай, жайында орусиялыктар суткасына 110-115 миң тонна бензин керектешет. Башкача айтканда, Беларустан келген кара майдын көлөмү бүтүндөй өлкөнү алганда бир жарым күнгө жетет.
Орусияга ири көлөмдөгү бензин жөнөтүлүп жаткандыктан Беларустун өзүндө кризис жаралбайбы деген маселе социалдык тармактарда катуу талкууланып жатат. Интернетте Орусия менен чек аралаш аймактарда бензин сатууга чектөө киргизилгени тууралуу маалыматтар тарап жатат. Бирок "Белнефтехим" компаниясы бул маалыматты төгүнгө чыгарды.
Экономика маселелери боюнча талдоочу Андрей Маховскийдин пикиринде, беларус бийлиги өз рыногун эстен чыгарбайт жана өз өлкөсүндө маселе жаратууга барбайт. Ошол эле маалда ал күйүүчү майдын кымбаттоо ыктымалдыгын жокко чыгарбайт.
Шерине