Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:06

Адылбек Касымалиев күйүүчү май дагы кымбаттай турганын айтты

Адылбек Касымалиев.
Адылбек Касымалиев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген интервьюсунда Кыргызстанда күйүүчү май дагы кымбаттай турганын айтты.

Анын сөзүнө караганда, өлкө Беларустан, Кытайдан, Түркиядан жана Европа өлкөлөрүнөн кара май ташып келүүдө. Андан тышкары Өзбекстанга нефти алып барып, аны ошол жактан иштетип, кайра Кыргызстанга айына 20 миң тонна бензин алып келүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ошондой эле күйүүчү-майлоочу майды Кытайдан автоунаа эмес, темир жол менен ташуу жолдору каралууда.

“Биздин эл газды, дизелди жана АИ-92 үлгүсүндөгү бензинди көп колдонот. Ушуга байланыштуу биз субсидия кылып, бааны кармап атабыз. Бирок баалар баары бир акырындан кымбаттайт. Өзбекстан менен Тажикстанга салыштырып караганда бизде АИ-92 бензини, дизел 20-25 сомго чейин арзан. Баа дагы көтөрүлсө субсидия кылыш үчүн бюджеттен миллиарддаган каражат кетет. Ошондуктан баа баары бир өсөт”, - деди ал.

Адылбек Касымалиев солярка Кыргызстанга ташылып келген өз баасы менен сатылса 130-140 сомго, бензин 110-120 сомго чейин чыгып кетиши мүмкүн экенин кошумчалады. Өкмөт башчы Кыргызстанда дизел, газ, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин жана авиакеросин тартыш болбой турганын, АИ-95 жана АИ-100 үлгүсүндөгү бензин боюнча маселе жаралышы мүмкүн экенин айтты.

Бийлик абалды жөнгө салып, бензиндин, дизелдин баасы кескин кымбаттап кетишин алдын алуу үчүн 25-майдан тартып АИ-92, газ жана дизелге мамлекеттик субсидия киргизген. Ал 30-сентябрга чейин уланат.

Жакынкы Чыгыштагы абал жана Украинанын Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жасаган чабуулдары дүйнөдө кара майдын кымбатташына алып келди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев буга чейин Кыргызстан Кытайдан, Түркиядан жана Беларустан күйүүчү май ташып келгенин, ушул тапта өлкөдө бензиндин эки айга жете турган кору бар экенин айткан. Ал 30-июлда Кыргызстан Орусиядан айына 100 миң тоннадан күйүүчү-майлоочу май ташып келүү боюнча келишимге кол койгонун кабарлаган.

Ушул күндөрү Бишкекте АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 89,9 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 109,9 сом, дизел 99,9 сом болууда.

Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, дизел, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат. (BTo)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG