Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда маркумдардын сөөгүн крематорийлерде өрттөөгө тыюу салган мыйзамга кол койду. “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамды Жогорку Кеңеш 25-июнда кабыл алган.
Жаңы өзгөртүүлөр боюнча, маркумдун сөөгүн өрттөөгө тыюу салынат. Ички иштер органдары тарабынан тек-жайы аныкталбаган, тууган-туушкандары сөөгүн өлүкканадан алып кетпеген, боюнан алдырган же өлүү төрөлгөн түйүлдүк жерге көмүлөт.
2024-жылы адам өзү сөөгүн өрттөө жолу менен акыркы сапарга кетүүнү чечип, керээз калтырган маалда, киши абакта каза болуп, жубайы, жакын туугандары же башка туугандары болбогон маалда жана тек-жайы аныкталбаган сөөктөрдү кремацияга уруксат берүү сунушталган. Мындан сырткары өзгөчө кооптуу инфекциялык оорулардын жайылуусунун алдын алуу максатында карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялардан, түшүнүксүз этиологиядагы инфекциядан каза болгон маркумдардын сөөгүн өрттөө да демилгеленген. Бул коомчулукта талкууга түшүп, сунушталган документтеги мындай беренелер алып салынган.
Кыргызстанда өрттөө – кремация жолу менен сөөктөрдү жерге берүү маселеси көп жылдан бери талкууланып, расмий уруксат берилген эмес. Буга диний жана башка түшүнүктөр себеп болгон. (BTo)
Шерине