Ош шаарынын Озгур айылынын Арал көчөсүн аралап өткөн Увам каналына түшүп кеткен эки жашар кыздын сөөгү 3-августта табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Ош шаары боюнча башкармалыгынын маалыматына ылайык, кырсык 2-августта болгон.
Наристенин сөөгүн издөө иштерине 106 куткаруучу, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) 40 кызматкери жана туугандарынан 30 адам, жалпы 176 адам тартылган.
Жыйынтыгында кыз Ош шаарынын Кулматов көчөсү, 28а үйүнүн жанындагы Увам каналынан табылып, атасына өткөрүлүп берилген.
Кыргызстанда акыркы учурларда сууга чөгүп каза болгондор көп болууда. 23-июнда Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу Чоң-Токой айылында жаш бала Талас дарыясына агып кеткен. Анын сөөгү ушул күнгө чейин табыла элек.
27-июнда баланын сөөгүн издөө иштеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучусу каза болгон. (BTo)
Шерине