Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Өкмөттө күйүүчү майга байланыштуу өлкөдөгү кырдаал талкууланды

Күйүүчү май боюнча өлкөдөгү кырдаал талкууланган жыйын. 3-август, 2026-жыл. Бишкек.
Күйүүчү май боюнча өлкөдөгү кырдаал талкууланган жыйын. 3-август, 2026-жыл. Бишкек.

Өкмөттө Кыргызстандагы күйүүчү май рыногундагы абал, анын кору жана өлкөнү кара май менен камсыздоо маселеси талкууланды.

“Ынтымак ордо” Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев төрагалык кылган жыйында тиешелүү мамлекеттик органдарга жана уюмдарга бир катар тапшырмалар берилгенин билдирди.

Данияр Амангелдиев буга чейин Кыргызстан Кытайдан, Түркиядан жана Беларустан күйүүчү май ташып келгенин, ушул тапта өлкөдө бензиндин эки айга жете турган кору бар экенин айткан. Ал 30-июлда Кыргызстан Орусиядан айына 100 миң тоннадан күйүүчү-майлоочу май ташып келүү боюнча келишимге кол койгонун кабарлаган.

Орус бийлиги күйүүчү-майлоочу майды экспорт кылууга салынган тыюуну 2027-жылдын 31-январына чейин узарткан. Бирок 1-сентябрдан баштап өкмөттөр аралык келишимдердин жана гуманитардык жардамдын алкагында сыртка чыгарууга уруксат берилген.

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы 20-июлда орус жергесиндеги дрондордун чабуулуна кабылган мунай иштетүүчү заводдордогу соңку кырдаалга байланыштуу Орусиядан Бишкекке мунай ташуу дээрлик токтогонун маалымдаган. Ушундан улам Кыргызстанда бензиндин, солярканын баасы көтөрүлүп, айрым май куюучу жайларда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин менен солярка жок болуп жатат.

Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, дизел, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат.

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков 21-июлда Кытай Кыргызстандын бийлиги менен сүйлөшүүлөрдө берген убадасынын негизинде күйүүчү-майлоочу майдын биринчи топтомун Бишкекке жөнөткөнүн айткан. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG