Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:30

Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 10 млрд долларга жакындады

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2026-жылдын май айынын жыйынтыгына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 9 млрд 951,88 млн долларга жетти.

Анын ичинен 4 млрд 739,63 млн доллар ички, 5 млрд 212,25 млн доллар тышкы карыз. Тышкы карыздын көп бөлүгү - 1 млрд 414,54 млн доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына (Эксимбанк) туура келет. Мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 42,10% түздү.

Президент Садыр Жапаров 21-июлда Фейсбукта жазган постунда Кыргызстандын мамлекеттик карызы жөнүндө талкууларга жооп берип, коомчулукту анын көбөйүп кетишине кыжалат болбоого чакырган. Мамлекет башчы мурда сырттан алынган насыя маанисиз багыттарга жумшалып келгенин, жаңы алынган карыз өзүн-өзү актаган долбоорлорго жумшалып жатканын жазган.

25-июлда юстиция министри Аяз Баетов коомчулукта талкуу жараткан жерди ижарага берүү, миграция жана тышкы карыз маселесине байланыштуу пикирин билдирип, Кыргызстан 2020-жылдан бери Кытайдан бир да доллар карыз албаганын Фейсбук баракчасына жарыялаган.

Айрым экономисттер соңку жылдары өлкөнүн ички карызы кескин көбөйгөнүн, кыска мөөнөткө жана жогорку пайыз менен алынып жаткан мындай карыз экономика, мамлекеттик бюджет үчүн кооптуу экенин эскертип келишет. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG