Юстиция министри Аяз Баетов соңку учурда коомчулукта талкуу жараткан жерди ижарага берүү, миграция жана тышкы карыз маселесине байланыштуу пикирин билдирди. Министр Кыргызстан 2020-жылдан бери Кытайдан бир да доллар карыз албаганын 25-июлда Фейсбук баракчасына жазды.
Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда өлкө Кытайдан дээрлик 1 миллиард 796 миллион доллар карыз алганын белгиледи. Министр жазганына караганда, Кыргызстан карыздын 419 миллион 840 миңин кайтарган.
Ал эми жерди ижарага берүүгө байланыштуу мыйзам 1992-жылдан бери иштеп келатканын, узак мөөнөткө алып бирок эч нерсе салбай, иштетпей жүргөн кыргызстандыктар дагы бар экенин белгиледи.
«Президент бизге тапшырма койгон. Биринчи дароо эле 49 жылга эмес, 10 жылга берели. Инвестиция салса 25 жылга узарталы. Келишимде көрсөтүлгөн сумманы толук салса анан 49 жылга узарталы. Ушул маселени карап көргүлө деген. Азыр каралып жатат”, - деп жазды министр.
Баетовдун белгилешинче, жаңы жерлер бериле турган болсо белгиленген шарттар менен мамлекеттин гана пайдасына берилет.
Ошондой эле ал Кыргызстанга кирген чет элдиктер тууралуу жазып, Кытай жарандары мында 5-орунда турарын, көбү турист эмес, иштегени келгендер экенин, виза менен кирип, мөөнөтү бүткөндө чыгып кетерин белгиледи.
Соңку мезгилде Кыргызстанда иштеген же жашаган кытайлык жарандар катышкан укук бузуулар тартылган фото-видеолор социалдык түйүндөргө тарап, талкуу жаратууда. Ички иштер министрлиги мындай окуяларга катышкан чет элдиктердин айрымдарына эскертүү берип, кээ бирлерин кармаганын кабарлады.
Мыйзам бузууга аралашкан бир топ чет элдиктер өз өлкөсүнө мажбурлап чыгарылганы маалымдалган.
Президент Садыр Жапаров 21-июлда Фейсбукта жазган постунда Кыргызстандын мамлекеттик карызы жөнүндө талкууга жооп берип, коомчулукту анын көбөйүп кетишине кыжалат болбоого чакырган. Мамлекет башчы мурда сырттан алынган насыя маанисиз багыттарга жумшалып келгенин, жаңы алынган карыз өзүн өзү актаган долбоорлорго жумшалып жатканын билдирген.
Каржы министрлиги мурдараак тараткан маалыматына ылайык, быйыл март айына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 9,8 миллиард АКШ долларын түзгөн. Анын 4,6 миллиарды ички, 5,2 миллиарды тышкы карыз. (КЕ)
Шерине