Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:23

Wildberries'тин Екатеринбургдагы кампасы да бутага алынды

Бутага алынган Wildberries кампасы. 2026-жылдын 25-июлу. Спутниктен тартылган сүрөт.
Бутага алынган Wildberries кампасы. 2026-жылдын 25-июлу. Спутниктен тартылган сүрөт.

Украинанын учкучсуз учактары 25-июлга караган түнү жана эртең менен Орусиянын бир катар аймактарына чабуул жасады. Соккудан улам Екатеринбург жана Ростов-на-Донуда өрт тутанды.

Екатеринбургда Wildberries компаниясынын кампасы дрон чабуулуна кабылды. Жабыр тарткандар тууралуу маалымат айтылган жок.

Wildberries кызматкерлер эвакуацияланганын, кампа зыян тартпаганын кабарлады. Бул тууралуу Орусиянын бийлиги дагы билдирди.

Акыркы күндөрү Wildberries компаниясынын ар кайсыл аймактагы, ошол эле Москва облусундагы кампалары да бутага алынууда. Екатеринбург Украинадан 1800 чакырым алыста жайгашкан.

Алгач 18-июлда Wildberries'тин Тамбов облусунун Котовск шаарындагы жана Москва облусунун Электросталь шаарындагы эки кампасына сокку урулуп, сегиз адам каза болгону, болжол менен 50 адам жараат алганы расмий айтылган.

Ростов облусунун бийлиги Ростов-на-Дону жапырт дрон чабуулуна кабылганын билдирди. Губернатор беш киши жараат алганын кабарлады. Анын айтымында, көп кабаттуу эки үй, жер там, курулуп жаткан имарат, коммерциялык уюм жана кампалар зыян тартты.

Украинанын аскерлери соңку соккулар тууралуу комментарий бере элек. Орусиянын Коргоо министрлиги 328 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн кабарлады.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG