Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:25

Социалдык тармактын колдонуучусу "митинг уюштурууга чакырыкка" шектелүүдө

Бишкек милициясы тараткан сүрөт.
Бишкек милициясы тараткан сүрөт.

Бишкекте Threads социалдык тармагынын колдонуучусу мыйзамсыз митинг уюштурууга чакырык жасоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы кабарлап, кылмыш иши козголгонун 25-июлда билдирди.

Маалыматка караганда, социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө “Slivy_telegramm” (мурунку аталышы — beksultankg99) аккаунту аныкталган. Милиция “аталган аккаунт аркылуу Кытайдын жарандарына карата терс мүнөздөгү маалыматтар системалуу түрдө таратылып, ошондой эле коомдук тартиптин бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон мыйзамга каршы аракеттерге чакырыктар жарыяланганын” билдирүүдө.

“Тактап айтканда, 2026-жылдын 23-июлуна Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында өтүшү пландалган мыйзамсыз митингге катышууга ачык чакырыктар аныкталган”, - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (массалык башаламандыктар, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошондой эле жарандарга карата зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен кылмыш иши козголду. Учурда бардык зарыл болгон тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган аккаунттун ээси 2003-жылы туулган О.А. аттуу жаран экени белгилүү болгон. Ал Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматына жеткирилип, №21 мекемесине (СИЗО-1) эки айга камалды.

Шектүүнүн жакындары жана адвокаты комментарий бере элек.

Буга чейин социалдык тармактардагы баракчасына сынчыл маанайдагы ырынын видеосун жарыялаган соң блогер Илияс Чыңгызбек уулу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына чакырылган.

Блогер кийин ырынын видеосун да, милицияга барган видеосун да баракчасынан өчүргөн.

Ага чейин социалдык тармактарда кытай тилинен сабактарын жарыялап жаткан куудул Талант Анарбаев да милицияга чакырылганын айткан.

Соңку мезгилде Кыргызстанда иштеген же жашаган кытайлык жарандар катышкан укук бузуулар тартылган фото-видеолор социалдык түйүндөргө тарап, талкуу жаратууда. Ички иштер министрлиги мындай окуяларга катышкан чет элдиктердин айрымдарына эскертүү берип, кээ бирлерин кармаганын кабарлады.

Мыйзам бузууга аралашкан бир топ чет элдиктер өз өлкөсүнө мажбурлап чыгарылганы маалымдалган. (КЕ)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG