Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:50

Wildberries'тин дагы үч шаардагы кампалары бутага алынды

Wildberries'тин кампалары 18-июлдан бери дрон менен аткыланууда.
Wildberries'тин кампалары 18-июлдан бери дрон менен аткыланууда.

Орусияда Wildberries компаниясынын кампалары 24-июлга караган түнү да дрон чабуулуна кабылды. Бул жолу Ленинград облусундагы, Тверь шаарындагы жана аннексияланган Крымдагы кампалар бутага алынды.

Ленинград облусунун Всеволожск районундагы Новосаратовка кыштагында жайгашкан «Wildberries Санкт-Петербург» кампасында өрт чыкканы, бул кампа Санкт-Петербург шаарынын административдик чек арасына жакын жайгашканы маалымдалды.

Ишкананын басма сөз кызматы Шушары жана Уткина Заводь (экөө тең Санкт-Петербург шаарында) аймагындагы логистикалык комплекстеринин иши убактылуу токтотулганын билдирди.

Компаниянын Тверь шаарындагы жана аннексияланган Симферополдогу логистикалык борборлоруна да чабуул жасалганы, ал жакта да өрт чыкканы белгилүү болду.

Ал эми Судак шаарында электр көмөк чордонуна сокку урулганы, жарык өчүп, көпчүлүк райондордо суу берүү үзгүлтүккө учураганы кабарланууда.

18-июлда Wildberries'тин Тамбов облусунун Котовск шаарындагы жана Москва облусунун Электросталь шаарындагы эки кампасына сокку урулуп, сегиз адам каза болгону, болжол менен 50 адам жараат алганы расмий айтылган. Чабуулдар ошондон бери дээрлик күн сайын уланууда.

Украинанын президенти Владимир Зеленский компаниянын логистикалык борборлору «дрон жана навигациялык жабдууларды өндүрүү үчүн санкцияга кабылган тетиктерди жеткирүү максатында колдонулуп келгенин» айткан.

Буга чейинки чабуулдардан Wildberries'тин Электросталдагы 250 миң чарчы метр, Котовскидеги 108 миң чарчы метр, Краснодардагы 100 миң чарчы метр жана Невинномысск шаарындагы 94 миң чарчы метрлик аянттагы логистикалык комплекстери күйүп кеткен же олуттуу зыян тарткан.

Wildberries'тин кампаларына жасалган дрон чабуулдарынан кийин жүздөгөн кыргызстандык ишкер товары күйүп кеткенин билдирүүдө. Кыргыз өкмөтү бул маселе көзөмөлдө экенин билдирип, компания менен сүйлөшүүгө даяр экенин маалымдады.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG