"Акыркы иш күнүңөр дешти"
Жайкы сезондук жумушка Германияга барган 150дөй кыргызстандык улан-кыз качкындар лагеринде жүргөнү айтылган видеолор социалдык тармактарга тарады. Видеодо сүйлөгөндөр аларды Кыргызстандагы ортомчу компания жетиштүү шарт түзбөстөн жөнөткөнүн, Германияга баргандан кийин турак жай жана жумуш маселесинде кыйынчылыктар жаралганын айтышат. Мындай окуялар буга чейин да катталып, чет өлкөгө ишке орноштуруучу ортомчу компаниялардын жоопкерчилиги боюнча маселе көтөрүлүп келген.
Видеодогулардын бири Сезим Айткулова ортомчу компаниянын айынан кыйынчылыкка туш болгонун айтууда.
"Дүйшөмбү күнү бизге SMS келди. 25-июль акыркы иштей турган күнүңөр деп. Негизи ишибизди токтотуп жатышса бизге убагында, бир-эки жума мурун айтыш керек да, аз убакыт калганда эмес".
Сезим Германияга Ferienjob жайкы иш программасы менен Samara Academy деп аталган агенттик аркылуу барган. Келишим боюнча ал 3 ай иштемек. Бирок эмне себептен бир айдай эле иштегенден кийин кайтышы керек болуп жатканына агенттиктен жооп ала албагандыктан соцтармактарда, группаларда өзүнүн окуясы менен бөлүшүп, аны Германияга жиберген компания жоопко тартылышын талап кылган.
"Саат 3:30дан өтүп калган. Мен уктап жаткан болчумун. Ойгонсом Samara Academy'ден чалып жатышыптыр. Телефонду алсам Самара эже экен. Ал мага "Сиз мени, компанияны жамандап жатыпсыз, көрүп жатамын, Instagram'дын алдында комментарийиңизди көрдүм. Мени жамандаган адамдарга жумуш таап бергим келбейт" деди. Ошондо мага жумуш тапкысы келбей турганын айтты да. Мен "Силер биздин үнүбүздү укпасаңар, жазсак жооп бербесеңер, чалсак албасаңар, анан кантип үнүбүздү жеткиребиз?" дедим".
Жаштар жайгаштырылган жатакана негизинен качкындарды кабыл алуу үчүн пайдаланылган жай экени маалым болду. Анын биринде баңгизат колдонгон адамдар да жашайт экен.
Германиянын шаарларына Ferienjob программасы менен үч айлык ишке барган улан-кыздар кыргызстандык компанияга 50 миң сомдон төлөгөнүн айтышты. Арасында атын атагысы келбеген бул аялдын кызы да бар:
"Бремен шаарына кеткен. Барып алып жашай турган бөлмөсүн таппай кыйналды. “Апа, бул жакта наркомандар бар экен” деди. Мен коркуп кеттим. Ал жакка адашып кирип алган экен, башка жерине кирип, кыргыздар жашаган жерин тапты. Эки жүздөй студент бар деди. Мурдагы күнү “Апа, 25-июлда иш бүтөт экен. 27-июлга билет алып, учуп кете бергиле деп иш берүүчү айтты” деди".
Маектешибиздин айтымында, чет жакка жиберген агенттик менен түзүлгөн келишимге ылайык, анын кызы үч ай иштеп кайра Кыргызстанга кайтмак. Кызы менчик ишкананын кампасына ишке киргенин, бирок бир ай өтпөй иш берүүчү буйрутма азайганын негиз кылып, жумуштан бошотконун кошумчалады:
"Арасынан бир кыз кетип калыптыр. 2-3 кыз башка жумуш тааптыр. Калганы тынчсызданып, азыр ошол жакта. Эми Самара дагы жумуш тапканга аракет кылабыз деп жазыптыр".
Жайкы каникул маалында окуу жана иштөө үчүн Кыргызстандан Германияга барган 150дөй улан-кыз убада кылган жумушка киргизилбей, жатаканасынан чыгарылганы жатканын коомдук ишмер жана блогер Медиса Жокиева социалдык тармактардагы баракчасында айтып чыккан.
Соцтармакта бул видео тарагандан кийин ушундай эле жагдайга туш болуп, алданып калганын айткандардын посттору чыга баштады.
Алардын бири "Германияга Ferienjob программасы менен келем деген студенттер, Samara Academy'ни айланып өтүңүздөр. Булар алдамчылар. Жыл сайын студенттер алданып келе жатат, биз да бул жылы ошолордун катарындабыз. 160 студентти «3 айга» деп алдап, 1 айга гана жумушка алып келип, кайра кетирип жиберишти. Акчаны да толук бербей, сом менен эсептегенде 50–70 миң сомдой эле айлык беришти" деп жазса, дагы бири аталган агенттик жоопкерчиликти албай жатканын белгилеп "Жакында эле төрт кыз барып, бир жума да иштебей, не айлык жок, не жумуш жок Кыргызстанга кайтып келишти. Ар бири 200 миң сомдон чыгым кылып барышкан. Кайра айып пул төлөтүптүр" деп кошумчалады.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Германиядагы кыргыз элчилиги түзүлгөн кырдаалга байланыштуу бардык маселе көзөмөлдө экенин билдирүүдө.
Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы аталган факт боюнча маалыматтарды электрондук каттоо журналына каттап, учурда бардык тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Германияда ара жолдо калганы айтылган кыргызстандыктар жөнүндө 23-июлдун кечинде билдирүү таратып, ал жактагы улан-кыздардын жагдайы жөнүндө маалымат берди.
Мекемеден такташкандай, студенттерди “Немис академиясы окуу борбору” жоопкерчилиги чектелген коому, бейрасмий аталышы Samara Academy (№001179 уруксаттын негизинде иш жүргүзөт) Ferienjob программасы аркылуу Германияга жиберген. Аларды Германияда Global Recruit Services GmbH аттуу компания ESN ишканасына жумушка орноштурмак.
Global Recruit Services GmbH компаниясынын өкүлү Энди Вебер Кыргызстандын расмий органдарына билдиргендей, иш берүүчү ESN 20-июлда өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу иш орундары кыскарып кеткенин билдирген. Натыйжада 130 кыргыз жараны менен келишим үзүлгөн.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги келишимге ылайык аталган компания 28 күнгө чейин келишимди токтотууга укугу бар экенин, ошондуктан мында мыйзам бузуу жоктугун билдирди.
“Аталган программа боюнча Германияга жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын 130 жаранынын ичинен 23-июлга карата 50гө жакын жаран башка компанияларга жумушка орноштурулду. Калган жарандарды ишке орноштуруу улантылып, туруктуу көзөмөлдө турат. Учурда 80ге жакын жаран Бремен шаарында жүрөт, калгандары буга чейин жумушка орношкон же Германиянын башка аймактарына ишке орношуу үчүн кетишкен же жакын арада жөнөп кетүүгө даярданууда”, – деп айтылды министрликтин билдирүүсүндө.
Ортомчу агенттиктин билдирүүсү
Samara Academy агенттиги 22-июлда социалдык түйүндөр аркылуу расмий билдирүү таратып, түзүлгөн жагдай боюнча түшүндүрмө берди. Анда агенттиктин дарегине айтылып жаткан айыптоонун, маалыматтардын баары чындыкка дал келбей турганы, студенттердин жашаган жери 27-июлга чейин төлөнгөнү, андан кийин дагы узартылары белгиленди. Улан-кыздардын алды жумушка чыкканы да маалымдалды:
"Биз Германияда иштөөнү улантууну каалаган студенттер үчүн жаңы жумуш орундарын жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн активдүү издеп жатабыз. Ошондой эле өз алдынча ылайыктуу жумуш тапкан студенттер бизге кайрылса болот — ар бир учурду өзүнчө карап чыгып, керектүү документтерди кайра жол-жоболоштурууга көмөк көрсөтөбүз. Мындан тышкары, студенттер коопсуз шартта жашап, эч ким турак жайсыз калбашы үчүн "Немис академиясы" белгилүү бир мөөнөткө алардын жашоо чыгымдарын өз мойнуна алат. Биз жоопкерчиликтен баш тартпайбыз жана ар бир маселени жекече тартипте чечүү боюнча иштерди улантып жатабыз".
Кыргызстандын Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун расмий маалыматына караганда, Samara Academy 2024-жылы каттоодон өткөн, уруксаты быйылкы жылдын декабрь айына чейин жарактуу. Кызыгы, аталган мекеменин migrant.kg сайтында быйыл агенттик Германияга 9 гана адамды жөнөткөнү көрсөтүлгөн.
Акыркы жылдары Германияга окуу жана сезондук жумуш программалары аркылуу кеткен кыргызстандык студенттердин саны көбөйдү. Бирок мындай программалар боюнча нааразылыгын айткандар да жок эмес.
4-июнда Ош шаарында жүзгө жакын студент Германияга жумушка жөнөтүүнү убада кылган «Империал» окуу борборуна каршы нааразылык акциясына чыгышкан. Алар борборго акча төлөп, немис тилин окуганы менен эки жылдан бери Германияга кете албай жүргөнүн айтып, төлөгөн акчасын кайтарып берүүнү жана борбордун ишмердүүлүгүн текшерүүнү талап кылышкан.
Жумуш издеп, сырт жакка чыгып жаткандардын көбү жаштар. Алардын арасында түрдүү жеке агенттиктерге алданып, мыйзамсыз миграцияга, кулчулукка кабылгандар бар.
Укук коргоочулар чет өлкөгө иштегени же окуганы бараткандарга ортомчулук кызматын сунуштаган компанияларды кылдат текшерип, келишимдин шарттарын алдын ала дыкат окуп чыгуу зарылдыгын белгилешет.
2025-жылдагы маалымат боюнча кыргызстандыктар 2024-жылы 28 миңден ашуун Шенген визасына арыз берсе, алардын эң көбү Германияга (13 миң 985) тапшырган. Ошондой эле Германия кыргызстандыктар үчүн арыздардын 91,45% жактырган жана 12 миң 789 виза берген.
Шерине