Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Германияда ара жолдо калганы айтылган кыргызстандыктар жөнүндө 23-июлдун кечинде билдирүү таратып, ал жактагы улан-кыздардын жагдайы жөнүндө маалымат берди.
Мекемеден такташкандай, студенттерди “Немис академиясы окуу борбору” жоопкерчилиги чектелген коому, бейрасмий аталышы Samara Academy (№001179 уруксаттын негизинде иш жүргүзөт) Ferienjob программасы аркылуу Германияга жиберген. Аларды Германияда Global Recruit Services GmbH аттуу компания ESN ишканасына жумушка орноштурмак.
Global Recruit Services GmbH компаниясынын өкүлү Энди Вебер Кыргызстандын расмий органдарына билдиргендей, иш берүүчү ESN 20-июлда өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу иш орундары кыскарып кеткенин билдирген. Натыйжада 130 кыргыз жараны менен келишим үзүлгөн.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги келишимге ылайык аталган компания 28 күнгө чейин келишимди токтотууга укугу бар экенин, ошондуктан мында мыйзам бузуу жоктугун билдирди.
“Аталган программа боюнча Германияга жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын 130 жаранынын ичинен 23-июлга карата 50гө жакын жаран башка компанияларга жумушка орноштурулду. Калган жарандарды ишке орноштуруу улантылып, туруктуу көзөмөлдө турат. Учурда 80ге жакын жаран Бремен шаарында жүрөт, калгандары буга чейин жумушка орношкон же Германиянын башка аймактарына ишке орношуу үчүн кетишкен же жакын арада жөнөп кетүүгө даярданууда”, – деп айтылды министрликтин билдирүүсүндө.
Мунун алдында жайкы каникул маалында окуу жана иштөө үчүн Кыргызстандан Германияга барган 150дөй улан-кыз убада кылган жумушка киргизилбей, жатаканасынан чыгарылганы жатканын коомдук ишмер жана блогер Медиса Жокиева социалдык тармактардагы баракчасында айтып чыккан.
Кыргызстандагы Samara Academy уюму социалдык тармактардагы баракчасында бул боюнча түшүндүрмө берип, маалыматтардын баары чындыкка дал келбей турганын, студенттердин жашаган жери 27-июлга чейин төлөнгөнүн, андан кийин дагы узартыларын билдирген.
Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) муну териштире баштаганын кабарлады. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев окуя болгон жерге барып, териштирүү жүргүзүүдө. (ErN)
Шерине