23-июлда Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу май маселелерине байланыштуу кайрадан жыйын өткөрдү. Бул тууралуу маалымат өкмөттүн сайтына чыкты.
Отурумда негизинен өлкөнүн ички базарын мунай заттары менен камсыздоо каралып, анда күйүүчү-майлоочу май базарындагы учурдагы абал, мунай заттарын импорттоо, зарыл болгон корлорду камсыздоо, тарифтерди жөнгө салуу, мамлекеттик субсидиянын берилиши сыяктуу иштердин аткарылышы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын жана уюмдардын жетекчилеринин маалыматы угулуп, талкууланды.
Жыйындын соңунда МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев отурумдун катышуучуларына өлкөнү мунай заттары менен үзгүлтүксүз камсыздоо, абалдын мониторингин күчөтүү, өлкөдөгү мунайды кайра иштетүүчү заводдорду модернизациялоо иштерин күчөтүү жана зарыл болгон чараларды өз убагында көрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 22-июлда "Азаттыкка" курган маегинде Кыргызстанда ушул күнгө карата күйүүчү-майлоочу майдын кеминде 1,5 айга жете тургандай резерви бар экенин билдирген.
Кыргызстандын Мунай ташуучулар биримдиги 20-июлдагы маалыматында орус жергесиндеги дрондордун чабуулуна кабылган мунай иштетүүчү заводдордогу соңку кырдаалга байланыштуу Орусиядан Бишкекке мунай ташуу дээрлик токтогонун маалымдаган. Уюмдун президенти Канатбек Эшатов “Азаттыкка” курган маегинде ал жактан дизел отуну анча-мынча көлөмдө келип жатканын, ал эми АИ-92, АИ-95, АИ-98, АИ-100 тобундагы бензини боюнча сунуштар жокко эсе экенин билдирген.
Орусиядан күйүүчү май толук келбей калгандыктан Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү башка өлкөлөр менен сүйлөшүп жатканын билдирүүдө. Анын ичинде Кытай күйүүчү-майлоочу майдын биринчи топтомун Бишкекке жөнөткөнү, Беларустан май ташып келүү иштери жүрүп жатканы, Өзбекстандан жана Казакстандан да оң жооп болгону маалымдалган.
Кыргызстанда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 18-июль күнү кескин кымбаттап, 98 сомдон 109,9 сомго көтөрүлгөн. Ага чейин бензиндин бул түрү социалдык маанилүү товарлардын тизмегинен чыгарылган эле.
Бир жылда Кыргызстан 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе адатта анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, дизел, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат. (TAb/ErN)
Шерине