Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда Samara Academy уюмунун программалары аркылуу Германияга кыргыз жарандары кабылган жагдайды териштире баштады. Бул тууралуу маалыматты мекеме өз сайтына жарыялады.
“Министрлик Кыргызстандын Германия Федеративдүү Республикасындагы элчилиги менен биргеликте жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун алкагында зарыл болгон консулдук-укуктук көмөк көрсөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү максатында жаралган кырдаалдын бардык жагдайларын тактоо иштерин жүргүзүүдө. Жаңы билдирүүлөр келип түшүүсүнө жараша кошумча маалымат берилет”, – деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев блогер Атай Бейшенбектин постуна комментарий жазып, бул окуя тууралуу жаңы гана угуп, “маселени жеринде чечүү үчүн Бремен шаарына жолго чыкканын” билдирди.
Мунун алдында жайкы каникул маалында окуу жана иштөө үчүн Кыргызстандан Германияга барган 150дөй улан-кыз убада кылган жумушка киргизилбей, жатаканасынан чыгарылганы жатканын коомдук ишмер жана блогер Медиса Жокиева социалдык тармактардагы баракчасына айтып чыккан.
Медиса Жокиеванын айтымында, кыз-жигиттер Германияга Кыргызстандагы Samara Academy уюму аркылуу, ар бири 50 миң сомдон төлөп барышкан. Аталган өлкөгө барышкан соң компаниянын ал жактагы өнөктөштөрү студенттерди жумушту өздөрү табышы керектигин айтышкан. Ал студенттердин өздөрүнүн жана жатаканаларындагы шарттын сүрөт-видеолорун жарыялады.
Кыргызстандагы Samara Academy уюму социалдык тармактардагы баракчасында бул боюнча түшүндүрмө берди. Компания жогорудагы маалыматтардын баары чындыкка дал келбей турганын, студенттердин жашаган жери 27-июлга чейин төлөнгөнүн, андан кийин дагы узартыларын билдирди. Ал улан-кыздардын алды жумушка чыкканын да кошумчалады.
Компаниянын өкүлү алардын Германиядагы өнөктөшү – Немис академиясы студенттерди кароосуз калтырбай турганын, өздөрү алардын маселеси оң жагына чечилгенге чейин көмөктөшөрүн маалымдды. (ErN)
Шерине