Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:03

Чет жакка жумушка жөнөтүүчүлөргө көзөмөлдү күчөтүү сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жарандарды чет өлкөлөргө жумушка жөнөтүү менен алектенүүчү жеке агенттиктердин ишин жөнгө салуучу Жобону жаңыртуу сунушталууда. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги иштеп чыккан долбоор коомдук талкууга коюлду, сунуш-пикирлер 10-июнга чейин кабыл алынат.

“Мында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана кыргызстандык жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу чөйрөсүндө чарба жүргүзүүчү субъекттердин укуктарын жана милдеттерин кененирээк аныктоо каралган”, - деп айтылды долбоордун негиздемесинде.

Ал кабыл алынса, мындай ишмердүүлүк жүргүзө турган агенттиктердин мамлекеттен уруксат алуусу, мөөнөтүн узартуусу, алардын ишмердигин токтотуу боюнча жол-жоболор конкреттештирилет, айрым нормалар толукталат. Мындан тышкары, агенттик жумушка орноштура турган адамдар менен түзгөн келишимдери, алар кандайча аткарылып жатканы тууралуу маалымат тийиштүү мекемеге ачык болушу үчүн атайын маалыматтык система түзүлөт.

Лицензия берүү менен бүгүнкү күндө министрликтин Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору алектенет. Анын директору Алмаз Алыбаев "Азаттыкка" билдиргендей, Кыргызстанда мындай агенттиктердин саны 160тын тегерегинде, алар аркылуу 20 чакты өлкөгө барып иштөө мүмкүнчүлүгү бар. Уруксатсыз иштеп жаткан агенттиктер боюнча былтыр милицияга 35, быйыл алгачкы үч айда 28 материал жөнөтүлгөн.

Эл аралык валюта фондунун маалыматына караганда, Кыргызстанда соңку үч жылдан бери жумушсуздук деңгээли 9% болууда.

Жумуш издеп, сырт жакка чыгып жаткандардын көбү жаштар. Алардын арасында түрдүү жеке агенттиктерге алданып, мыйзамсыз миграцияга, кулчулукка кабылгандар бар. (RK)

XS
SM
MD
LG