Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Чоң-Чүй каналына түшүп кеткен алты жашар баланын сөөгү табылды


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.

Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында Чоң-Чүй каналына түшүп кеткен алты жашар баланын сөөгү 9-майда табылды. Кырсык 8-майда катталган, издөөнүн биринчи күнүндө 28 куткаруучу тартылган. Алардын жетөө суучулдар болгон.

Наристе сууга эмне болуп түшүп кеткени тууралуу маалымат бериле элек.

ӨКМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда былтыр бир жыл ичинде 85 адам сууга чөгүп каза болгон жана мындай кырсыктардын эң көбү жайкы сезондо Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустарында катталган. Каза болгондордун 28и 12 жашка чейинки балдар, 36сы эркектер, сегизи аялдар.

2021-жылы сууга чөгүп каза тапкандар 128, 2020-жылы 82 адам болгон.

Былтыр куткаруучулар мындай окуяга кабылган 20 адамды, 2021-жылы сегиз, 2020-жылы бир адамды сактап калышкан.

Адистер мындай кырсыктар айрыкча жайкысын сууга түшүү эрежелери, коопсуздук чаралары сакталбаган учурда көп катталарын, андыктан этияттоо зарыл экенин белгилеп келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG