Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

Садыр Жапаров: Жеңиш күнүнө жетүүгө Кыргызстан чоң салым кошкон


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктады. Ал кайрылуусунда Кыргызстан согуштун алгачкы күнүнөн тартып эле жеңишке жетүүгө чоң салым кошконун белгиледи.

"Жеңишти камсыздоодогу жүз миңдеген жердештерибиздин эрдиктери, ооруктагы эмгекчилерибиздин каармандыктары мекенге жан-дили менен кызмат кылуунун бийик үлгүсү болуп түбɵлүк кала берет. Кантсе дагы Жеңиш бизге орду толгус жоготуулар менен келди. Аталарыбыз, чоң аталарыбыз өз өмүрлөрүн берип, бизге тынчтык жана бейкутчулук тартуулашты. Алардын теңдешсиз эмгектери бизди Ата Мекенди көздүн карегиндей сактоого милдеттендирет! Жеңиштин сабактары ата журтубуздун алдында ар бирибиздин чоң жоопкерчилигибиз жөнүндө ар дайым эскертип турат. Ошондуктан, биримдигибизди чыңдап, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдеп турушубуз абзел",-деп жазылган куттуктоодо.

Садыр Жапаров учурда Орусияда расмий сапар менен жүрөт жана ал 9-майда Москвадагы парадга ардактуу конок катары катышат.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда бүгүнкү күндө Экинчи дүйнөлүк согуштун 64 ардагери калды. Бир жыл мурда алардын саны 100дүн тегерегинде болчу.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG