Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

"ПолитКлиника" Шакиевдин каты деген маалыматты сайтынан убактылуу алды


Дилбар Алимова.
Дилбар Алимова.

"ПолитКлиника" сайтынан парламент спикери Нурланбек Шакиевдин мурдагы президент Курманбек Бакиевди актоо тууралуу каты делген жаңылык толуктоо максатында алынды. Бул тууралуу басылманын редактору Дилбар Алимова Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал Башкы прокуратурага кат жөнөтүлгөнүн, көзөмөлдөөчү органдын жообу келгенден кийин материал кайра толукталып чыгарыларын билдирди.

"Биз ал жаңылыкта ушундай кат тарап жатканын кабарлап, Жогорку Кеңештин дагы жообун бергенбиз. Башкы прокуратурадан жооп алууга мүмкүн болбогонун кошо жазганбыз. Аталган материал боюнча коомдук резонанс жаралып жатканы дагы бекеринен эмес. Анткени, 90го жакын адамдын өлүмүнө күнөөсү бар бозгундагы президент Курманбек Бакиевди реабилитациялоого болгон аракеттер коомчулуктун кыжырын келтирип жатат. Шакиев Кыргызстандын жараны катары өзү тууралуу маалыматты жокко чыгаруу талабына укугу бар. Бирок, бул катты Жогорку Кеңештин аппараты жокко чыгарып жатканын коомчулук кызыкчылыктар кагылышы катары баалашы мүмкүн жана анын аныктыгы боюнча акыркы чекитти койбойт. Анткени, Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турат. Талкууга алынып жаткан бул кат коом үчүн маанилүү болуп саналат, ошондуктан, бул боюнча парламенттик жумушчу комиссия түзүлүп, бардык фракциядан депутаттар кирип, текшерүү жүргүзүп чыкса ынанымдуу болмок. Андан сырткары, көзөмөлдөөчү орган - прокуратура бул боюнча өз баасын бериши керек",-деп жазды Алимова.

Буга чейин ал бул жаңылыктан улам атайын кызматтын өкүлдөрү телефон чалганын билдирген. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Анын алдында Шакиевдин басма сөз катчысы Алтынбек Деркембаев кат жасалма экенин билдирген. Ал Фейсбуктагы баракчасына мындай маалымат төраганы "жаманатты кылуу үчүн" таратылып жатканын жазган.

“Айрым маалымат каражаттарына жана интернеттеги баракчаларда Нурланбек Шакиевдин фракция лидери кезинде жазылды деген жалган каттын сүрөтү тароодо. Каттын номери, андагы Курманбек Бакиев тууралуу айтылган сунуштар жана аягында коюлган кол дагы жасалма экенин белгилейбиз. Айрыкча, чыгыш номуру 6-6651/22 болгон кат эч кандай базада жок. Тилекке каршы, технологиянын өнүккөн мүмкүнчүлүктөрүн туура эмес багытта пайдаланып, жасалма документтерди жасоо жана жашыруун булактар аркылуу жалган маалыматтарды таратуу адатка айланганы өкүндүрөт. Төраганын атын жаманатты кылуу максатында ушундай жалган маалыматтарды таратып, коомчулукту дүрбөлөңгө салуудан карманууга чакырабыз”,- деп жазган Деркембаев.

Өткөн аптада "ПолитКлиника" Шакиевдин башкы прокурор Курманкул Зулушевге жазган каты деген сүрөт тараганы тууралуу жаңылык жазган. Анда “мурдагы президент Курманбек Бакиев жөнүндөгү маалыматтарды мамлекеттик мекемелердин, анын ичинде сот органдарынын сайтынан алып салуу жана маалымат ресурстарында Бакиевдин ар-намысына шек келтирген маалыматтардын таркатылышына бөгөт коюу” тууралуу сураныч жазылган.

Шакиев Бакиев бийликте турганда анын басма сөз катчысы болуп иштеген жана ага кеңешчи дагы болгон.

Февраль айында Дубайда Кыргызстандын азыркы жана мурдагы президенттердин жолугушуусуна Курманбек Бакиевдин катышканы талаш-талкуу жараткан. Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирүү таратып, "Жапаровдун мурдагы президенттердин эч бири менен жеке кызыкчылыгы, кастыгы же милдеттенмеси жок" экенин билдирген.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болуп, миңден ашуун адам жараат алган.

Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан.

2010-жылдагы кандуу Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон.

Соттун чечими менен Курманбек Бакиев 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG