Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:42

Европа Комиссиясынын башчысы Киевге расмий сапар менен барат


 Урсула фон дер Ляйен.
Урсула фон дер Ляйен.

Европа Комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен 9-майда Киевге расмий сапар менен келет. Анын жүрүшүндө Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугат.

Уюмдун басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, анда Киевди орусиялык агрессиядан андан ары коргоо чаралары тууралуу сөз болот. Ошондой эле Европа Биримдиги менен Украинанын алака-катышына байланыштуу бир катар маселелер, анын ичинде евроинтеграция талкууланат.

Урсула фон дер Ляйен Киевге ушул жылдын февраль айынан башында келип кеткен. Анда "Украина - Европа Биримдиги" саммитине катышкан. Ошондой эле Киев шаркеттин мүчөлүгүнө талапкер деген расмий макам алган.

Өткөн айда Евробиримдиктин кеңеши Украинага 31-майга чейин ок-дарыларды берүү үчүн Европа фондунан 1 миллиард евро бөлүүнү жактырган. Андан бир ай мурда уюмдун 17 өлкөсү жана Норвегия Украинага 12 айдын аралыгында миллион артиллериялык ок-дары жеткирүүгө макулдашкан.

Бул планды ишке ашыруу үчүн жалпысынан 2 млрд. евро бөлүнөт. Евробиримдик анын жарымына Украинага тез арада ок-дарыларды, анын ичинде 155 миллиметрлик артиллериялык снаряддарды жеткирет.

Калган каражат Еврошаркет өлкөлөрү Украина үчүн биргеликте сатып ала турган ок-дарыларга кеткен чыгымдын ордун толтурууга жумшалат. Мындан тышкары, Евробиримдик мүчөлөрү коргонуу өнөр жайынын өндүрүштүк кубаттуулугун арттыруу боюнча комиссия түзүүгө макулдашты.

Мурдараак Франция менен Австралия бийлиги Украинанын Куралдуу күчтөрү үчүн 155 мм калибрдеги снаряддарды чыгарууга макулдашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG