Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

Блогер Илияс Чыңгызбек уулу сынчыл маанайдагы ырдан кийин милицияга чакырылды

Илияс Чыңгызбек уулунун ырдап жаткан учуру жана Бишкек милициясына барган учуру. Видеолордон алынган скриншот.
Илияс Чыңгызбек уулунун ырдап жаткан учуру жана Бишкек милициясына барган учуру. Видеолордон алынган скриншот.

Блогер Илияс Чыңгызбек уулу социалдык тармактардагы баракчасына сынчыл маанайдагы ырынын видеосун жарыялаган соң Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына чакырылды. Бул тууралуу ал Инстаграмдагы баракчасында кабарлады.

Чыңгызбек уулу мунун алдында 2002-жылкы Аксы окуясына байланыштуу мурдагы президент Аскар Акаевди сындап, ал каргашада тууганы каза болгонун баяндап ырдыган. Тасмада ал окуялардын жана Акаевдин сүрөт-видеолору да көрсөтүлгөн. Акын ырында президент Садыр Жапаровдун атын атап, өкмөттүн чет өлкөлүк инвесторлорго 49-50 жылга ижарага жер берүү демилгесин да учкай айтып өткөн.

Блогер кийин ырынын видеосун да, милицияга барган видеосун да баракчасынан өчүрүп койду.

Бишкек шаардык милициясы Илияс Чыңгызбек уулу эмнеге чакырылганы боюнча маалымат тарата элек.

Министрлер кабинети 14-июлда Мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерин берүү тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизип, “президенттин чечими (тапшырмасы) менен улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн капиталдык объектилерди долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо үчүн жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде чет өлкөлүктөргө 50 жылга чейинки мөөнөткө бир жолку төлөмдүн негизинде убактылуу пайдаланууга берүүнү” караган токтом долбоорун сунуштаган. Бул коомдо ар кандай талкууга жем таштаган.

Президент Садыр Жапаров 17-июлда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек куруп, Жер кодексине сунушталган өзгөртүүлөр боюнча коомдогу кооптонууларга жооп берген. Ал чет элдик инвесторлорго жерди 49-50 жылга чейин ижарага берүү механизми Кыргызстанда көп жылдан бери колдонулуп келгенин белгилеп, инвестор жерге менчик укугуна ээ боло албай турганын, белгилүү мөөнөткө гана пайдалана ала турганын айткан.

Мамлекет башчы 21-июлда Фейсбуктагы баракчасында пост жазып, чет элдик инвесторлорго жер убактылуу пайдалануу үчүн гана берилерин кайталаган.

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты киши курман болгон. Нааразы болгон эл ошол кездеги президент Аскар Акаевге импичмент жарыялоо боюнча демилге көтөргөндөн кийин камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө тууралуу талаптар менен чыгышкан.

Аксы окуясында Эркиналы Четимбаев, Кадыркул Сапаралиев, Медетбек Бекмуратов, Сатымбай Үркүнбаев, Советбек Тагаев, Элдияр Үмөталиев курман болгон. (ErN)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG