Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:50

Президент жаңы алынган карыз өзүн-өзү актаган долбоорлорго жумшалып жатканын айтты

 Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 21-июлда Фейсбукта жазган постунда башка маселелердин катарында Кыргызстандын мамлекеттик карызы жөнүндө талкууларга да жооп берип, коомчулукту анын көбөйүп кетишине кыжалат болбоого чакырды. Мамлекет башчы мурда сырттан алынган насыя маанисиз багыттарга жумшалып келгенин, жаңы алынган карыз өзүн-өзү актаган долбоорлорго жумшалып жатканын билдирди.

“Ар бир өлкөнүн тышкы карызы анын ички дүң продукциясына (ИДП) карата өлчөнөт. Эгер 2020-жылга чейин биздин тышкы карызыбыз ИДПнын 120 пайызын түзүп келген болсо, бүгүнкү күндө жалпы карызыбыз ИДПбыздын 39 пайызын түзөт. Бул санды келечекте эң көп болсо 50 пайыздан ашырбашыбыз керек деген тапшырманы өкмөттүн алдына койгом. Ар бир алынган карыз мурдагыдай кумга сиңген суудай болуп кетпестен, көрүнүктүү, 100 пайыз көзөмөлгө алынган, келечекте өз карызын өзү жапкан долбоорлорго жумшалып жатат. Көп эле өлкөлөр ИДПсынын өлчөмүнөн 100 пайыздан ашып кетишкен. Бирок биз аларды үлгү кылбашыбыз керек”, – деди Садыр Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев да 11-июлда “Акипресс” агенттигине курган маегинде тышкы карыздын көлөмү боюнча түшүндүрмө берип, кооптонууга негиз жок экенин айткан.

Каржы министрлиги мурдараак тараткан маалыматына ылайык, быйыл март айына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 9,8 миллиард АКШ долларын түзгөн. Анын 4,6 миллиарды ички, 5,2 миллиарды тышкы карыз.

Каржы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев июнда парламент жыйынында мамлекеттик карыздын деңгээли ички дүң өнүмдүн 41,7% түзөрүн, бул көрсөткүч 2030-жылы 23% түшөрүн билдирген. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG