Кыргызстан 2026-жылы жалпы 1 миллиард 700 миллион АКШ доллары өлчөмүндө карыз алат. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев 16-июнда Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Мунун алдында депутат Дастан Бекешев мамлекеттик карыздын көлөмү жана аны тейлөөгө байланыштуу суроо берген.
“Биздин карыздын деңгээли ички дүң өнүмдүн 41,7% түзөт. Эң жогорку чек 70%, өзүңүз билесиз. Биздин божомол боюнча 2030-жылы бул көрсөткүч 23% түшөт. Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын жана Азия өнүктүрүү банкынын насыялары дароо эле түшүп калбайт. Бекитилгенден кийин 15-20 жылдап долбоордун каржылык өндүрүүсүнө карап келет”, - деди Аманбаев.
Дастан Бекешев ратификацияланган келишимдерде көрсөтүлгөн насыяларды бир-бирден эсептеп, алардын жалпы суммасы 1,9 миллиард долларга жетерин айтты.
Комитет төрагасы Алтынбек Кудайбердиев бул ратификациядан өткөн келишимдердин суммасы экенин тактап, ал жерде көрсөтүлгөн сумманы өздөштүрүү бир нече жылга созулушу мүмкүн экенин белгиледи.
Каржы министрлиги билдиргендей, быйыл март айындагы маалыматта Кыргызстандын мамлекеттик карызы 9,8 миллиард АКШ долларын түзгөн. Анын 4,6 миллиарды ички, 5,2 миллиарды тышкы карыз. Өкмөт карыздар кийин киреше бере турган тармактарга жумшалып жатканын белгилеп келет.
Шерине