Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:23

1-июлдан тартып лицензиясы жок такси айдоого тыюу салынат

"Азаттыктын" коллажы.
"Азаттыктын" коллажы.

1-июлдан тартып Кыргызстанда атайын лицензиясы жок такси айдап жүргөн айдоочулар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 16-июнда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талкуулаган кезектеги аппараттык жыйында эскертти.

Ал таксиге лицензия алуунун жаңы электрондук процесси ишке киргизилсе айдоочулар кагаз иштеринен толук бошотулуп, атайын мобилдик тиркеме аркылуу жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен уруксат ала алышарын белгиледи:

"Биз мүмкүн болушунча ыңгайлуу жана ачык-айкын санарип чөйрө түздүк. Эми биздин максат ар бир айдоочуга жол-жобосун, анын ичинде медициналык жана техникалык кароодон өтүүдөгү милдеттүү талаптарды жеткирүү. Ошол эле учурда жүргүнчү ташуучу унаалардын айдоочуларына так эскертишибиз керек: үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан баштап тиешелүү лицензиясы жок такси айдаган айдоочулар мыйзам чегинде катуу жоопкерчиликке тартылат".

Кыргызстанда 2025-жылдын 22-августунан тартып такси кызматын көрсөткөн айдоочуларды лицензия алууга милдеттендирген жана оң рулдуу машине менен жүргүнчү ташууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирген. ИИМ былтыр 12-сентябрда жеңил автоунаа менен жүргүнчү ташуу ишмердүүлүгүн лицензиялоону баштаган. Кийин лицензия алуу мөөнөтү алгач быйылкы жылдын 1-февралына чейин, андан кийин 1-июлга чейин узартылган.

Лицензия алуу үчүн автоунааны каттоо жөнүндөгү күбөлүктүн, машинени башкаруу укугуна ишеним каттын, техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндөгү актынын көчүрмөсү керек. Андан тышкары автоунаа техникалык жана айдоочулар медициналык кароодон өткөнү тууралуу тастыктама, үч жылдан кем эмес айдоочулук стажы бар тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүктүн көчүрмөсү жана соттуулугу жок экенин тастыктаган маалымкат талап кылынат. Оор жана анча оор эмес кылмышүчүн соттолгондорго лицензия берилбейт. Оң рулдуу машине менен жүргүнчү ташууга тыюу салынат.

Жаңы талап боюнча, шаар, аймак аралык каттамдарда лицензиясы бар гана таксилер иштей алат. Такси кызматын көрсөтүү үчүн лицензия ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрүндө берилет. Мындан тышкары мобилдик тиркеме аркылуу сатып алуу мүмкүнчүлүгү берилген.

Лицензиянын акысы бир жылга жеке жактарга 500 сом, юридикалык жактарга 1000 сом. Лицензиясы жок айдоочуларга Телеграм каналдар, социалдык тармактар аркылуу кардар топтоого тыюу салынат. Тийиштүү уруксаты жок айдоочу кардар ташыса 7,5 миң сом, юридикалык жактар 23 миң сом айыпка жыгылат.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG