Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын лидери Владимир Путинге Францияда өтүп жаткан «Чоң жетинин» (G7) саммитинин алкагында жеке жолугушуу өткөрүүнү сунуштаганын билдирди.
15–17-июнь күндөрү Эвиан шаарында өтүп жаткан саммит тууралуу сөз кылган Зеленский мындай жолугушуу үчүн ыңгайлуу шарт түзүлгөнүн айтты.
«Биз Путинге G7 саммитинин жүрүшүндө жолугушууга даяр экенибиз тууралуу билдирүү жөнөттүк. Анткени ал жерде Дональд Трамп жана Эммануэл Макрон болот. Башкача айтканда, Европа менен АКШ өкүлдөрү катышат. Менимче, баарыбыз чогуу жолугушуубуз үчүн бул абдан жакшы мүмкүнчүлүк», – деди Зеленский.
«РБК-Украина» басылмасынын булагы билдиргендей, сунуш ортомчулар, дипломатиялык жана чалгындоо каналдары аркылуу жеткирилген. Бирок азырынча орус тараптан жооп жок.
Буга чейин Зеленский 4-июнда жарыялаган ачык катында да Владимир Путинди жеке жолугушууга чакырган. Эртеси күнү Путин мындай жолугушууну азырынча максатка ылайык көрбөй турганын билдирген.
Саммиттин жүрүшүндө Зеленскийдин АКШ президенти менен өзүнчө жолугушуусу күтүлүүдө.
AFP жана Politico басылмаларынын маалыматына караганда, европалык лидерлер Трампты Орусияга карата басымды күчөтүүгө жана Украина үчүн учкучсуз учактарды өндүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду колдоого көндүрүүгө аракет кылышат.
Шерине