Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:24

Британияда өспүрүмдөргө соцтармактарды колдонууга тыюу салынышы мүмкүн

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Британиянын премьер-министри Кир Стармер 16 жашка чыга элек балдар үчүн социалдык тармактарды колдонууга тыюу салууну жана оюн платформаларына кошумча чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштады.

Стармердин айтымында, жаңы чаралар технологиялык компаниялардын таасирине каршы күрөшүүгө багытталган жана бул багытта башка өлкөлөргө салыштырмалуу эң катаал кадамдардын бири болушу мүмкүн.

Премьер-министр журналисттер менен болгон жолугушууда сунушталган өзгөртүүлөр Snapchat, TikTok, Instagram жана башка социалдык платформаларды, ошондой эле бейтааныш адамдар балдар менен байланыша алган оюн кызматтарын камтый турганын билдирди.

«Бул чоң өзгөрүү алып келет. Балдарыбызды коопсузураак кылат, өздөрүн бактылуураак сезишине жардам берет. Аларга көбүрөөк убакыт, коопсуздук, эркин өсүп-жетилүү мүмкүнчүлүгүн берет», – деди ал.

Британия өкмөтү жаңы эрежелер аркылуу өспүрүмдөрдү интернеттеги зыяндуу контенттен, киберкоркутуудан жана бейтааныш адамдар менен кооптуу байланыштардан коргоону көздөп жатканын белгиледи.

Бирок айрым адистер мындай жалпы тыюу натыйжалуу болоруна күмөн санап жатышат. Стармер өзү да мындай чектөөлөрдүн аткарылышын толук камсыз кылуу оңой болбой турганын моюнга алды. Мындай чараны алгач Австралия былтыр кабыл алган.

Британия өкмөтүнүн маалыматына караганда, чектөөлөр YouTube, Facebook жана X платформаларын да камтыйт. Бирок WhatsApp жана Signal сыяктуу мессенжерлер жаңы эрежелерге кирбейт.

Социалдык тармактарга тыюу салуу демилгеси ата-энелер жана саясатчылар тарабынан колдоо таап жатканы менен, айрым психологдор жана изилдөөчүлөр анын натыйжалуулугу далилдене элек экенин белгилешүүдө.

Ал эми технологиялык компаниялар акыркы жылдары Британиядагы жана башка өлкөлөрдөгү эрежелер күчөтүлгөндөн кийин балдардын коопсуздугун камсыздоочу бир катар чараларды киргизгенин белгилешти. Алардын арасында алгоритмдерди өзгөртүү жана жашы жете электерди коргоого багытталган кошумча функциялар бар.

Шерине

XS
SM
MD
LG