Түркмөнстандын Билим берүү министрлиги окуучулар менен студенттердин уюлдук телефондорду жана башка аппараттарды колдонуу тартибин расмий түрдө кабыл алды.
Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы жергиликтүү Jeuhun.news басылмасына таянып билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, жаңы тартип окуучулардын сабак учурунда алаксып кетишин алдын алуу жана билим берүү процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынган.
Жаңы тартипке ылайык, мектеп окуучулары жана жогорку окуу жайлардын студенттери жаңы окуу жылынан тартып сабак учурунда жеке мобилдик түзмөктөрдү мугалимдин уруксаты менен гана пайдалана алышат.
Мобилдик түзмөктөргө байланыш, интернет, сүрөт тартуу, видео жана үн жаздыруу функциялары бар бардык жабдыктар, уюлдук телефондор, смартфондор, планшеттер, ноутбуктар жана акылдуу сааттар кирет.
Сабак маалында бул түзмөктөр үнсүз режимде болушу керек. Билим берүү мекемелери түзмөктөрдү сактоо үчүн атайын жайларды уюштурууга милдеттүү.
Маалыматка караганда, жаңы эрежелер коомдо түрдүү пикирлерди жаратты. Билим берүү тармагынын өкүлдөрү телефондорду көзөмөлсүз пайдалануу окуу процессине тоскоол болорун айтып, чектөөлөрдү колдошууда. Ал эми окуучулар жана ата-энелер мобилдик түзмөктөр өзгөчө кырдаалдарда жана окуу максатында керек экенин белгилешүүдө.
Түркмөнстанда байланыш каражаттарын колдонууга байланыштуу расмий эмес чектөөлөр мурда да колдонулуп келген. Айрым мектептерде жана жогорку окуу жайларында окуучулар менен студенттердин телефондорун колдонууга тыюу салынып, кээде алардын түзмөктөрү текшерүүгө алынганы маалымдалган.
Мындай чектөөлөр окуучулар менен студенттерге гана эмес, бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине да тиешелүү болгон. Мурда бийлик мугалимдерге жана медицина кызматкерлерине жумуш ордунда уюлдук телефон колдонууга чектөө киргизген. Бирок бул чечимдердин себептери расмий түшүндүрүлгөн эмес.
Шерине