Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:47

Өзбекстанда абакта китеп окугандардын жаза мөөнөтү кыскартылат

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Министрлер кабинети абактагылардын окуган китептери боюнча тест тапшыруу системасын бекитти.

Жаңы тартипке ылайык, китепти окуп, анын мазмуну боюнча тесттен ийгиликтүү өткөндөрдүн жаза мөөнөтү кыскартылышы мүмкүн.

Тийиштүү токтомго ылайык, жабык жайларда атайын комиссия түзүлүп, соттолгондор тиземедеги адабияттын мазмунун канчалык деңгээлде өздөштүргөнүн текшерет.

Китепти окуп бүткөндөн кийин абактагылар «E-mahkum» системасы аркылуу тест тапшырышы керек болот.

Ар бир китеп боюнча тест 25 суроодон турат. Ар бир туура жооп төрт упай менен бааланат. Бир китеп үчүн эң жогорку көрсөткүч 100 упай болсо, тесттен өтүү үчүн кеминде 70 упай топтоо талап кылынат. Ар бир суроого жооп берүү үчүн эки мүнөт убакыт берилет.

Эгер комиссия соттолгон адам китептин мазмунун өздөштүргөнүн ырастаса, абак администрациясы беш күндүн ичинде жаза мөөнөтүн кыскартуу сунушун сотко жөнөтөт.

Жаңы тартип боюнча ар бир окулган китеп үчүн жаза мөөнөтү үч күнгө кыскартылат. Бирок жалпы кыскартуу бир жылдан ашпоого тийиш.

Токтомго ылайык, китептердин тизмеси Республикалык руханий жана агартуу борборунун, Улуттук китепкананын жана Өзбекстандын Жазуучулар союзунун өкүлдөрүнүн катышуусунда түзүлөт.

Буга чейин өлкө парламентинин жогорку палатасы бул норма өмүр бою эркинен ажыратылгандарга колдонулбай турганын билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, бул өзгөртүү 13,5 миңден ашуун абактагы адамга таасир этет.

Шерине

XS
SM
MD
LG