Алтынбек Рысбеков Кыргызстандын энергетика министри болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону 15-июнда кабарланды.
Алтынбек Рысбеков энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп мурдагы министр Таалайбек Ибраев кызматтан алынгандан кийин, 10-июнда дайындалган.
48 жаштагы Рысбеков Ала-Бука районунда туулуп-өскөн, Ош мамлекеттик университетин бүтүргөн.
Ал 2000-жылдардын башынан тарта энергетика тармагында иштейт. Эмгек жолун Ош электр тармактар ишканасында баштап, кийин "Улуттук электр тармактар" ишканасында бир топ жыл жетекчилик кызматтарды ээлеген. 2025-жылы энергетика министринин орун басары болуп дайындалган.(ZKo)
Дагы караңыз
Шерине