Тажикстандын бийлиги 2017-жылы киргизилген «Тажик улуттук ысымдарынын тизмеси» аттуу китептин жаңы редакциясын бекитти. Жаңыланган тизмеден болжол менен 1700 ысым алынып салынып, анын ордуна миңге жакын жаңысы кошулду.
Бул тууралуу көз карандысыз «Азия-Плюс» басылмасына Тажикстандын Тил жана терминология комитетинин башкы адиси Диловар Каримов билдирди.
Анын айтымында, тизмеден тажик маданиятына тиешеси жок деп эсептелген ысымдар чыгарылган. Алардын айрымдары бийликтин чечими менен колдонууга жараксыз деп табылган. Маселен, Амира жана Алия деген кыздардын ысымдары. Бийлик өкүлү түшүндөргөндөй, алар Амир жана Али деген эркектердин ысымынан алынган.
Каримовдун айтымында, соңку жылдары Тажикстанда Жасмин деген ат популярдуу болуп кеткен. Бирок бийлик аны европалык деп эсептеп, расмий тизмеге анын тажикче Ёсуман жана Ёсамин деген варианттарын киргизген.
Ошондой эле жаңы тизмеге байыркы тажик жана арий ысымдарынын сөздүгүнөн алынган варианттар кошулган. Алардын арасында Вис, Гаврахон, Гети, Гулбахш, Гулбом жана Ануш сыяктуу аттар бар.
Натыйжада улуттук тажик ысымдарынын жаңы реестри 3461 аталыштан турат.
Каримовдун айтымында, китеп басмаканага жөнөтүлгөн, бирок анын качан жарык көрөрү азырынча белгисиз.
Жарандык абал актыларын каттоо органдары жаңы төрөлгөн балдарга ат коюуда ушул каталогду негиз катары колдонууга милдеттүү.
Эгер ата-эне тизмеде жок ысымды тандаса, анын тажик маданиятына жат эместигин далилдеши керек.
Улуттук азчылыктардын өкүлдөрүнө өз маданиятына жана салттарына ылайык ысым тандоого уруксат берилет.
Мындан тышкары, Тажикстанда диний маанидеги айрым кошумчаларды ысымдарга кошууга тыюу салынган. Ошондой эле жарандарга орусча -ов, -ова, -ович, -овна жалгоолору менен ысымдарды расмий каттоого мыйзам жүзүндө уруксат берилбейт.
Бирок бул талаптар иш жүзүндө дайыма эле сакталбай турганы белгиленет.
Шерине