Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Кыргызстан–Пакистан ортосунда соттолгондорду алмашууга макулдук берилди

Иллюстрация.
Иллюстрация.

Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети 16-июндагы жыйынында Пакистан менен Кыргызстандын ортосунда соттолуп, абакта отурган жарандарды алмашуу боюнча келишим долбоорун карап, жактырды.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаеванын маалыматына караганда, Кыргызстандын аймагында 8 миң 681 пакистандык каттоого турган. 2025-жылы өлкөгө кирген пакистандыктар 14 миң 591 киши болсо, чыгып кеткендери 15 миң 280ди түзгөн.

Укук бузуулар тууралуу кодекстин 431-беренеси (“Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында болуунун белгиленген тартибин, эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруунун же транзиттик өтүүнүн эрежелерин бузушу”) боюнча былтыр 2012 чет элдикке айып салынып, 672си өлкөдөн чыгарылган.

Кыргызстанда 18 пакистандык соттолгон жана алардын бири өмүр бою эркинен ажыратылган.

“Бар болгон маалыматка ылайык, Пакистандын аймагында эркинен ажыратуу жайларында жаза өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары жок. Бул кыргызстандыктардын Пакистандагы абалы криминогендик жагынан салыштырмалуу коопсуз экенин көрсөтөт. КРнын Пакистандагы элчилигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата консулдук каттоодо 191 кыргыз жараны турат, алардын 120сы туруктуу каттоодо”, - деди Коңкубаева.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр чет өлкөлөрдөн 221 кыргызстандык мекенине экстрадицияланган. Четтеги абак жайлардагы жарандарды алмашуу жараяны келишимдин негизинде жүрөт жана бул процесске Башкы прокуратура жооптуу.

Шерине

XS
SM
MD
LG