Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Президенттин администрациясында катчылык кызматы түзүлөт

Ынтымак Ордо.
Ынтымак Ордо.

Президенттин администрациясынын иши боюнча айрым жарлыктарга өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Жаңы өзгөрүүлөр мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордуна, президенттин администрациясы тууралуу жобого, анын түзүмүнө жана андагы кызматкерлердин штаттык санына тийиштүү.

Документке ылайык, президентке караштуу комиссиянын жооптуу катчысы (башкармалыктын курамында), президентке караштуу комиссиянын жооптуу катчысы – сектордун башчысы, Президенттин администрациясынын сектор башчысы (башкармалыктын, бөлүмдүн курамында), Президенттин администрациясынын башкы эксперти, Президенттин администрациясынын мамлекеттик инспектору жана Жогорку Кеңештин аппаратынын сектор башчысы деген жаңы кызматтар түзүлөт.

Мындан тышщкары Президенттин администрациясындагы башкармалык, бөлүм, борбор, сектор түзүмдөрүнөн өзүнчө катчылык кызматы түзүлөт.

Жарлыкта Президенттин администрациясынын штаттык санына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу айтылган. Бирок так саны көрсөтүлгөн эмес.

Жарлык 15-июндан - кол коюлган күнүнөн тартып күчүнө кирди.

Кыргызстанда буга чейин 2009-жылы президенттин алдында катчылык кызматы түзүлгөн. Катчылыктын курамына президенттин басма сөз кызматы, протокол бөлүмү жана Эл аралык стратегиялык иликтөө институту бириктирилген. Аталган кызмат Бакиевдин бийлиги кулатылгандан кийин жоюлган.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG